Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:08

ОШ : ТЕРРОРЧУЛУК ДАЛИЛДЕНБЕДИ, АЙЫПКЕРЛЕР АКТАЛДЫ


Кубанычбек Жолдошев, Ош Террордук аракеттерге даярданган жана курал-жаракты мыйзамсыз сактаган деп айыпталып жаткан эки өзбек жараны Ош шаардык соту тарабынан акталды. Акталгандардын бири, өзбекстандык оппозиционер Акрам Юлдашевдин кызы Гүлмира Максүтова өзүнүн коопсуздугуна азырынча кепилдик жок экендигин билдирип, ата мекенине кайтууга али шашпай тургандыгын билдирди.

Ош шаардык сотунун судьясы Турсунбай Айбакиев террордук аракеттерге даярданган жана курал-жарак сактаган деген сыяктуу оор кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткан төрт адамга алардын кылмыш аракеттери далилденбегендиги үчүн актоо чечимин чыгарды. Мындан сырткары судья бул иш боюнча тергөө амалдарын жүргүзүүдө одоно мыйзам бузууларга жол берилгендигин билдирди:

- Булардын айыптары далилденгени тастыкталбаган. Ошондуктан сот акыйкаттыгын жүзөгө ашырууда жазык процессинде мыйзамды бузуу менен алынган далилдерди пайдаланууга жол берилбейт деп сот табат. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 27-беренеси аркылуу 226-беренесинин экинчи бөлүгүнүн биринчи пунктунда каралган кылмыштар жоктугуна байланыштуу алар акталышсын. Мамадалиев А., Кадыров Ж., Максүтова Г. камактан бошотулсун, - деген өкүмүн окуп берди судья Турсунбай Айбакиев.

Сот өзбек жарандары Гүлмира Максүтованы жана Жамшитбек Кадыровдорду жасалма паспортторду аргасыз чараларда колдонуп жүргөндүгү үчүн айыптуу деп таап, эң аз айлык акынын 50 өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирди. Ал эми кыргыз жарандары эки бир тууган Мамадалиевдерге мыйзамсыз миграция иши менен алектенгендиги үчүн бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Айыпталуучулардын жактоочусу Токтосун Касымбеков тергөөдө далилдер мыйзам бузуулар менен алынгандыгына карабастан, сот бул жолу принципиалдуу позициясын көргөзгөндүгүн белгиледи:

- Эң негизгиси сот бул жерде өзүнүн позициясын принциптүү көрсөтө алды. Ал эми тергөө мезгилинде өтө оор терорризмге катышы бар деп айыптап жатышкан. Бул жасалма, аларга карата каршы аракеттерди жасаган деп акталышты. Туура акталды, эч кандай иш кылган эмес. Анын атасы Акрамий болсо эле баласы атасына жооп бергенге мүмкүн эмес, - дейт жактоочу Токтосун Касымбеков.

Сот залынан эркиндикке бошоп чыгып келе жаткан төрт адам соттун актоо чечимин күтүлбөстүк катары баалашып, сүйүнгөндөн көздөрүнө жаш алышты.

Учурда Өзбекстанда оор кылмыш иши боюнча күнөөлөнүп түрмөдө жаткан Акрам Юлдашевдин кызы Гүлмира Максүтова "Азаттык" радиосунун кабарчысына берген маегинде мына булдарды билдирди:

- Эмне дешимди да билбей турам. Кыргызстандын соту бизге карата адил чечимин чыгарды. Чынында үмүтүбүз үзүлүп калган эле. Азыр туугандарымдын баары качкында жүрүшөт. Жакын арада мекениме кайта албайм. Себеби менин коопсуздугум үчүн ал жакта али деле болсо кепилдик жок. БУУнун качкындар иштери боюнча комиссарлыгына качкын макамын сурап кайралган арызымдын жообун күтөм.

Гүлмира Максүтова жакынкы убакта Кыргызстандын аймагында болорун билдирип, бирок Өзбекстандын күч органдары тарабынан анын коопсуздугуна бул жерде да бир кыйла коркунуч бар экендигин белгиледи.

Сүрөттө : Гүлмира Максүтова сот залынан бошонуп чыккандан кийин

XS
SM
MD
LG