Беларус президенти Александр Лукашенко кечээ күнү Маскөөнү сынга алды. Орусиядан келген табигый газдын ар бир миң куб метри үчүн Беларус азыр 47 доллар төлөйт жана Маскөө ал бааны 2007-жылдан тартып 200 долларга чейин көтөрө турганын билдирген. Лукашенконун айтымында, Маскөөнүн мындай саясаты орус-беларус мамилелерине сөзсүз терс таасир тийгизет.