Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:08

КОНГРЕСС БУШ КААЛАГАН МЫЙЗАМДЫ КАБЫЛ АЛДЫ


АКШ сенаты террорчу деп шекшинткендерди суракка алганга жана соттогонго президент Бушка кеңири, жаңы укуктарды берген мыйзам долбоорун жактырды. Сенаторлордун 65и документти колдоп, 34ү каршы чыкты. Шаршемби күнү долбоор өкүлдөр палатасында кабыл алынган эле. Эми ага президент кол койгону жатат. Бир катар мыйзамгерлер долбоорго катуу каяша кылышты. Алардын айтымында, жаңы мыйзам тергөөчүлөргө абактагыларды өздөрү каалагандай суракка алганга кеңири жол ачат.

Конгрессте жактырылган мыйзам абактагыларга ырайымсыз мамиле жасаганга тыюу салат, бирок суракка алуунун “агрессивдүү” ыкмаларын колдонгонго уруксат берет. Мындан тышкары террорчу деп шекшинткендерди соттоо үчүн аскери трибуналдар түзүлөт. Быйыл жайда АКШнын Жогорку соту президент Буштун администрациясы түзгөн мурдагы трибуналдардын укуктук негизи жоктугун, натыйжада америкалык жана эл аралык мыйзамдарга кайчы келерин аныктаган эле.

Мыйзам долбоорун конгресстен өткөрүү үчүн президент Бушка өз партиясынын өкүлдөр палатасындагы жана сенаттагы лидерлери менен жолукканга туура келди. Буш өлкөнүн коопсуздугу Ак үй менен конгресстин эң башкы милдети болорун, Кошмо Штаттарына кесирин тийгизгиси келген душмандар дале бар экенин айтып, ушул жоопкерчиликти сенаторлордун эсине салды.

Сенаттагы талаш-талкууларда республикачыл партиянын өкүлдөрү АКШ мурдагыдан башкача жоого туш келгенин, аларга каршы күрөштө президент Буштун администрациясы демейкиден башкача инструменттерге муктаж экенин ырасташты. Республикачыл сенатор Жон Уорнер азыркы антитеррордук урушту дүйнөлүк экинчи согушка салыштырды. Дүйнөлүк экинчи согушту мамлекеттер колдоп, өкмөттүк аскерлер катышкан. Азыркы согушка аскери эн белгиси жок,принциби да, эрежеси да жок, капыстан кол салган террористтер катышууда.Андыктан президенттин жетекчилиги менен өзүбүздү коргой алсак, жакшы иш кылган болобуз, деп айтты сенатор Уорнер.

Демократтар буга каяша кылып, канчалык кыйын-кыстоо кезеңде да америкалыктар сот адилеттиги менен адам укуктарынын стандарттарын төмөндөтпөгөнүн айтышты. “Америкалык юриспруденциянын принциптерин террорго каршы күрөшкө садага чапса болот деп ойлобойм. Америкалыктардын ар бир мууну өз учурунда ар кандай жоого каршы турушкан, бирок алар бул өлкөнүн түп уюткусун түзгөн принциптерден эч качан баш тарткан эмес. Менин коркконум, биз муну бүгүн жасаганы отурат окшойбуз”,- деди демократ сенатор Кристофер Додд.

Анын партиялашы сенатор Байрон Дорган да бу мыйзам менен АКШ адам укуктарын урматтаган өлкө деген кадырын жоготорун эскертти. Эмне үчүн АКШ башка өлкөлөрдөн айрымаланат? – деп собол коюп, Дорган бул өлкөдө эркиндик принциптери баарынан жогорку баалана турганын, АКШ ушул уңгудан уланып чыккан өлкө экенин белгиледи.

Бирок демократтардын мындай каяша-каршылыгына карабай мыйзам долбоору 65 сенатордун колдоосун алды. Укук коргоочулар аскери жаңы трибуналдарда кадимки жарандык соттордогудай айыпкерлердин укуктары сакталарынан күмөнсүнүшөт. Ошондуктан бул мыйзам АКШнын Жогорку сотунда даттануу тартибинде каралып калышы да ажеп эмес.

XS
SM
MD
LG