Сузак районундагы Насирдин Бекназаров аксакал 200 миң ссуда акчанын 40 миңин алып, ага жаңы үйдүн жерпайын түптөөгө гана жетише алды.
- 200 миң, 250 миң сом деп айткан. Ошо менен турат өзү. 40 миң сом алгам. Ага фундамент куйдум, шагыл ташыдым, ошону менен аягына чыкты.
Минтип жашап турган айылынан башка жакка көчүрүлүп, үй салууга акча табалбай карайлап турган үй-бүлөлөр Каракулжа аймагында эле 700 ашуун экенин депутат Сооронбай Жээнбеков айтып отурат.
- Бизде, Каракулжада 713 үй-бүлө көчөдө жүрөт азыр. Мага келип жатышат. Кат жазып жатышат. Үйгө келип жатышат. Талап коюп жатышат. Жумушка келип жатышат күндө он-онбештен, үйүм жок деп.
Антип боз үй менен чатырда күн кечирип аткандар Алай менен Карасуу райондорунда деле кыйла экенин депутат Акматбек Келдибеков да маалымдады.
-Табигый кырсыктан жабыр тарткандар боюнча. 50 миллион сом жетишсиз. Муну түшүнүп атабыз. Бирок ошону 1-, 2-, 3-топ кылып бөлүш керек. Бүгүнкү күндө чатырда жашагандар бар. Кыргыз үйдө жашап жаткандар бар. Ошолорго берилбей, алдынан суу чыгып кайсы бир райондо үй кулап калган экен, ошого берип ийишиптир. Бул эмне деген сөз! Аларга да бериш керек. Бирок бүгүн үйү жок жүргөндөрдү үйлүү кылгандан кийин бериш керек.
Табигый кырсыктан жапа чеккендердин өзгөчө муктаж 400 жакын үй-бүлөгө өткөн жылы бюджетте каралган акчадан тышкары бөлүнгөн 82 миллион сомдун 15 миллиону 233 шаардык үй-бүлөнүн керегине жумшалып кеткенин айтып, Кыргызстандын экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров экономикалык жыйынтык дурус болсо быйыл жыл аягына чейин дагы 50 миллион сом бөлүп беришке аракет жасай тургандыгын билдирди.
- Эми быйыл 100 миллион сомго октябрь айына чейин жетсекпи деген оюбуз бар. Эгер тогуз айдын экономикалык жыйынтыгы жакшы чыгып кетсе, анда сиздердин тапшырманы алып жок дегенде былтыркы жылдын деңгээлине жеткирип койсокпу, деген ой-пикирлерибиз бар.
Жыл сайын кайталанып турчу табигый кырсыктардын айынан турак-жай шартын жаңылоого муктаждардын саны өсүүдө. Өкмөттүн бюджеттен өөнөп бөлүп берчү акчасы чалкеш маселени толугу менен чече албайт. Жагдайдан чыгуунун бир жолу - турак-жайларды камсыздандыруу системасын киргизүү. Депутат Таирбек Сарпашевдин ырасташынча, маселени мына ушинтип системалуу түрдө чечүү гана он жылдан берки проблемага чекит кое алмакчы.
- Сөзсүз түрдө мамлекеттик камсыздандыруу системасын киргизиш керек,- дейт Т.Сарпашев.
Турак-жайды камсыздандыруу системасын Кыргызстанга киргизүү азырынча илгери үмүт, изги тилек. Аны мыйзам негизинде бекемдеп, капиталисттик жашоонун эрежесин кыргыз топурагына байралтуу үчүн убакыт керек. Ага чейин табигый кырсыктан жапа чегип кыйналып тургандардын проблемасын өкмөт чечип бериши абзел. Депутат Азимбек Бекназаровдун айтуусунда, Аксыда 1996-жылдан бери ссуда алалбай жүргөндөр бар.
Ушу тапта архитектуралык курулуштун эреже-талаптарын эсепке албаган үйлөр арбын курулууда. Булардын баары, Өзгөчө кырдаалдар министри Жаныш Рустөмбековдун ырасташынча, эртеңки күнү дагыле өкмөттүн мойнуна илинчү олчойгон оор проблема.
- Биздин Бишкектин тегерегинде үйлөр салынып жатпайбы. Буларды ким текшерди? Эч ким текшерген жок. Эрежесин жасап туруп анын ошондон кийин жакшылап карабаса бул проблемага өкмөттүн алы жетпейт, бюджеттин да буга акчасы чак келбейт.
Жыл сайын Кыргызстанга жаз келгени жер көчкү, суу ташкын, жер алдындагы суулардын көтөрүлүшү сындуу табигый кырсыктар катталат. Коркунучтуу аймактарда жашаган элди башка жакка көчүрүү, аларга социалдык колдоо көрсөтүү проблемасы жылдан-жылга курчуп баратат.