Комиссиянын мүчөсү, юстиция министри Марат Кайыповдун айтымында, Жогорку Кеңештин депутаттары Мелис Эшимкановго жана Сайдилла Нышановго "Матрешка" чатагын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссияда иштөө тууралуу сунуш берилген. Бирок Эшимканов андай сунушту кабыл алуудан баш тарткан. (AiT)