Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

ПРЕЗИДЕНТТИН КАЙРЫЛУУСУ, АГА- ИНИ КОНГАНТИЕВДЕРДИН ЖОРУКТАРЫ, КЫПЧАК УРУУСУН ДАҢАЗАЛОО


“Агым”

“Оппозиция 2- ноябрда Акүйдүн алдында мөөнөтсүз үлкөн митинг баштайт” деп маалымдайт. “Ага- ини Конгантиевдер гриль-тилдейт да тимеле?!” деген фотоколлаж беришип, эки бир туугандын өмүр- таржымалынан урунттуу учурларынан баяндашты.
“Генпрокурор Камбаралы Конгантиев 80-жылдардын башында прокуратура системасынан оркойгон күнөөсү далилденип, Тажикстанга убактылу сүргүнгө айдалган. Андан соң кылмышкерге ачык жан тартканы үчүн Фрунзе шаардык прокурордун орун басарлыгынан куулган. Акаевдердин материалдык-маралдык жардамы менен Үсөн Сыдыковдун уулу Бакытты депутаттыктан уткан. 2005-жылдын 18-мартында парламентте Бакиевдерди, оппозицияны өкүртө сындап, тартипке чакырып, өлкөдө коменданттык -аскердик саатын киргизүүнү сунуштаган. Генпрокурорлукка отураарда кримавторитет Рысбек Акматбаев менен ымалашканын, Азимбек Бекназаров баштаган чуулгандуу кылмыш иштерин тескери калчаганын, ишкерлерди, профессионал адистерди куугунтуктаганын, жакындарынын, кызы жана аялынын бизнесин коргогонун”, “Агым” гезитине кабарчы Сурат Жылкычиев жазган.

Ошондой эле Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин жердешчилигин, чоңдорго компромат жыйнаганын, мыкты кадрларды бошотконун иликтөөгө алган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дооронбек Садырбаевдин “Агымга” берген маегинде “Аскар Акаевдики-арамза, былгытма саясат болсо, Курманбек Бакиевдики-зөөкүрлүк, күчкө салмай саясат болуп жатканын, президентти бийликтен кетүүсүн талап кылып, сынга алган.

“Агым” гезити өкмөттүн 1-вице-премьер министри Данияр Үсөнов көлдөгү “Радуга” пансионатын, Бишкектин четиндеги 25 гектар жерин сатып, “Инэксимбанкын” казактарга сатууга камданып жатканын маалымдап, “Данияр Үсөнов бүгүнкү бийлик кемеси чөгүп баратканынан чочуп, куйругун түйгөнгө даярданганыбы же зор жаңы бизнес долбооруна акча чогултканыбы, болжош кыйын” деп жазат.

“Кыргыз руху”

“Кыргыз руху” гезити Аскар Акаевдин учурунда сарбагыш уруусу даңазаланып, сарбагыш манаптарын улуттук баатырга айландырса, Курманбек Бакиевдин тушунда кыпчак уруусу көлөкөлөнүп жатканын айткан. Мындай улутту паспортуна расмий алып жүрүү мамлекеттин коопсуздукка кол салуу катары кабыл алынышы керектигин “Кыргыз руху” сынган алды.

“Аскар Акаев 14 жыл жайбаракат талаган рекордду 14 айда кууп жетели дегендей таасир калтырат. Себеби, эл бир алданган, эми 14 жыл күтпөйт. Демек, алдыда дагы күз кооптуу” деп маалымдайт “Кыргыз руху” гезити.
Президент Курманбек Бакиев АКШга рамий сапар менен бара элек болсо да, жубайы Татьяна Бакиева Америкага расмий сапар менен барганы ал чоң саясатка аралаша баштаганын “Кыргыз руху” жана “Жаңырык апта” гезиттери кабарлады.

“Бишкек таймс”

“Жыл этегине жетпей, президент Курманбек Бакиев калкка, парламентке кайрылуу жасаганын, өлкө оор жагдайдан чыгып, бийлик бутактары жигердүү иштеп жатканын, экономикада жылыштар болгонун жана 4 багытты айтканын “Бишкек таймс” жумалыгына кабарчы Жолдошбек Зарлыкбеков талдоого алган.

“Аскар Акаевдин үйбүлөөсүнө, өзүнө бардыгы болуп 106 кылмыш иши козголгонун, бул үйбүлөөнүн мамлекетке келтирген зыяны-14 млн. АКШ долларга барабар экенин ушул гезит эске салды.

”Эркинтоо”

“Кыргыз туусу”, “МСН”, “Эркинтоо” гезиттери президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстан калкына кайрылуусун толугу менен жарыялады. “Эркинтоо” гезити ушул кайрылууну эл кандай кабыл алганын иликтеп, белгилүү саясатчылардын пикирлерине орун берди.

Коомдук ишмер, академик Абдыганы Эркебаевдин пикиринде кайрылууну эки ай кеңири талкууга алууну коомчулуктан президент өтүнгөндүгү чоң жаңылык болгон. Кыргыз эл депутаты Аскар Салымбеков “кайрылууда ишкерлерди колдоого жана коргоого алабыз дегени жакшы маселе” дейт.

“Жаңырык апта”

“Улут руху” коомдук бирикмесинин төрагасы Анарбек Усупбаев “Жаңырык апта” жумалыгына берген маегинде “Кыргызстан “Хипик” программасына кирүүсүнө зарылдык жок. Бул негизи еврейлердин уюму” деген пикирин билдирген.

Ушул гезит Президент Курманбек Бакиевдин жубайы Татьяна Бакиева Америкага расмий сапар менен барганын, ал чоң саясатка аралаша баштаганын маалымдайт.


“Жаңы ордо”

“Жаңы ордо” гезити Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевди сынга алган жалалабаттык аялдардын катын жарыялады. Анда “Өмүрбек Текебаевдин максаты-азыркы бийликти, президентти, анын бир туугандарын жаманатты кылуу, ошентип азыркы бийликти колго алуу. Бирок, биз ишенебиз- Өмүрбек Текебаев эч качан Кыргызстандын президенти болбойт” деп жазышат жалалабаттык 25 аял.

“Жаңы ордо” гезитинде кабарчы Нургазы Анаркулов оппозициянын автобусун эск- президент Аскар Акаев менен анын жубайы Майрам Акаева башкарып жатканын талдоого алган.
XS
SM
MD
LG