Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:00

"ТАЛАНТ ТАГДЫРЫ" : МУКАН КИМ ЭЛЕ?


Ылаачын куштай сабалап
Ырларың – элге аманат.
Ыйык бир жаның биз менен,
Ыйманың болсун саламат – деп, калемдеш жан досу, акын Кыялбек Урманбетов жоктогон Мукан Рыскулбековдун арабыздан келбес жайга кеткенине бир жылдын жүзү болду. Маркум Мукан ким эле? Ал биринчиден адамдарда өтө сейрек кезигүүчү ичинде кымындай кири жок, таза, кабагына кар, мурутуна муз тоңдурбаган өмүр бою күлкү, тамаша менен жашаган, төгүлүп чачылып жүргөн дүнүйөнүн көзүнө карабаган колу ачык, жаш-кары менен теңтуш, сырдаш, даалган, “кейибе бака саз биздики”, “Адыр-адыр тоолордон, айгыр минип түшөбүз. А дүйнөдө не кызык, Ачуу айран ичебиз” – деп, жан дүйнөңдү кытыгылатып сүйлөгөн тамашакөй сөз баккан айкөл инсан эле. Мукан мына ушундай адамдык асыл сапат менен бирге төрт тарабы төп келген, ар тараптуу шыкка бай залкар талант эле. Алсак, кулактан кирип бойду алган обончу-ырчы, комузду таңшыта черткен чертмекчи, “Эки тегирмен”, “Ак кеме”, “Көчө”, “Ысыккөлдүн кызгалдактары”, “Чынгызхан” ж.б. көркөм фильмдердеги ролдорду көрүүчүлөрдүн көңүлдөрүнө түбөлүккө жашагандай деңгээлде ойногон киноактер да болчу. Ошондой эле “Ысыккөлдүн кызгалдактары”, “Көчө” аттуу көркөм фильмдерге да музыка жазган.

Кечээ Кыргыз Улуттук филармониянын чоң залында ар тараптуу шыктагы залкар шайыр Мукандын жаркын элесине жана жаңыдан жарык көргөн 33 басма табак көлөмдөгү “Мукандын мукам ырлары” аттуу обондуу ырларынын томдугунун бет ачары болуп өттү. Автордун бир томдугуна Ата журтка, тынчтыкка,согушка, табиятка, махабатка, достукка, балдарга арналган 200 обондуу ырлары, замандаштарынын эскерүүлөрү кирген.

Томдуктун бет ачаарын жазган кеченин алып баруучусу, А.Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, акын Токтосун Самудинов:

- Кымбаттуу замандаштар! Биз бүгүн басса-турса да кабагым-кашым дебей жаадырап жайнап жүргөн Мукандын жаркын элесине арналган кечеде отурабыз. Ар жыл сайын жадыраган жаз айында 9-майда Мукандын “Эсте энелер”, “Келген жок”, “Чолпонбай”, “Сапарлашыма” аттуу ырлары сөзсүз жаңырат. Менин оюмча, Рыскулбековдун бул ырлары согуш темасындагы ырлардын өзүнчө гимни болуп калды деп эсептейм. Атуулдук ырларды жазуу жагынан Мукандын алдына эч бир композитор чыга элек деп эсептейм.

Эмки сөз кыргыз поэзиясынын бүгүнкү дыйканы, түркүгү, эл акыны Сүйүмбай Эралиевде:

- Мен Мукан менен кеч тааныштым. Ошондой болсо да менин бир топ ырларыма обон жазды. Мукан улууну урматтаган абдан адамкерчиликтүү, кичипейил, сылык сөздүү, абдан асыл адам эле. Менин оюмча, Мукандын ырлары кыргыз эли канча жашаса, ошончо жашайт деп эсептейм.

Кеп кезмети маркум Мукандын кан кудасы, Республиканын Жогорку Кеңшинин депутаты Аскар Салымбековдо:

- Кудай кошкон куда болот дегендей, Мукан агай менен эки баланын аркасы менен куда болуп калдык. Караколдо 60 жыштыгын өткөрдүк. Ал ар дайым “кейибе бака саз биздики” деп тамашалап, ачык айтып, ак сүйлөгөн чоң инсан эле. Мен неберелүү болгондо атын Муса койгонумда Муса Баетовдой жана өзүмдөй жээним ырчы, обончу болот турбайбы деп аябай сүйүндү. Анархан кудагый чуркап жүрүп кудамын болгон ырларын китеп кылып чыгарды. Бүгүн бет ачары болот. Ага эки жүздөй ырлары, замандаштарынын эскерүүлөрү кирди. Мен ойлойм, Мукемдин ырлары элибиз канча жашаса, ошончо жашайт.

Ар дайым Мукандын жаадыраган жайнаган жаркын элеси, канаттуу ырлары калк жүрөгүндө жашай да, сактала да берсин.
XS
SM
MD
LG