Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

14:00 Кыргыз чек арачыларына кол салуу окуясы боюнча сот өкүмү 3-октябрда чыгышы ыктымал

Бул ишти Ош шаарында Кадамжай райондук соту августтун этегинде карап баштаган. Мамлекеттик айыптоочу Рыскулбек Бактыбаев буга дейре соттон калабачыларга түздөн-түз тиешеси бар деп айыпталып жаткан 6 адамдын төртөөнө өлүм жазасын берүүнү, калган экөөсүн 20 жана 12 жылга эркинен ажыратууну сураганын жарыялаган. Ушул жылдын 12-майында Тажикстан тараптан кирген куралдуу топ Баткендеги Актурпак чек ара-бажы бекетине кол салып, Кадамжайдын жанындагы атышууда алардын үчөө окко учкан, бирөө колго түшкөн. Кагылышууда кыргыз тараптан 6 адам курман болгон.
XS
SM
MD
LG