Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

КАНАТ БЕГАЛИЕВДИН АТА ТЕГИ БАЛБАН


Кечээ Кытайдын Гуанчжоу шаарынан грек-рим күрөшу боюнча дүйнө чемпионатынан күмүш байге уткан Канат Бегалиевди спорт коомчулугу ийгилиги менен куттуктап, тосуп алышты. Финалда кыргызстандык балбан Канат Бегалиевдин бир нече упайын калыстар эсептебей коюшуп кытайлык атаандашына бир упай айырма менен утулуп калган.

Дүйнөлүк таймашка Кыргызстандан грек-рим күрөшүнөн жети балбандын ордуна 3 жигит катышты.
Грек-рим күрөшүнөн күч сынашууларында Азия чемпионаттарынын жеңүүчүсү кыргызстандык Канат Бегалиев 2 дүйнө чемпионун жана Европанын 2 чемпионун артыкчылык менен жеңип, баш байге үчүн талапкердин бири болгон. Өлкөнүн грек-рим күрөшүнөн башкы машыктыруучусу Эмил Алыкуловдун айтымында Канат Бегалиев кытайлык Ли Янян менен беттешип, биринчи жана экинчи бөлүктө 4 упай менен утуп жатса да дагы 5-6 упайын калыстар эсепке албай коюшкан. Акыркы 15 секунда ортодогу калыс Канатты партерге коюп, кытай балбанына артыкчылык берген. Канатты кытайлык атаандашы килемден көтөрүп, оодарып кеткени үчүн калыстар дароо беш упай беришип, жеңишти ага ыйгарып коюшкан,

- Грек-рим күрөшүнөн Канат Бегалиев дүйнө чемпионатынын алгачкы күмүш медалын тагынды. Ал Кыргызстанды даңазалады. Мурда Кыргыз спортунун тарыхында 1999-жылы Маркум Раатбек Санатбаев гана дүйнө чемпионатынын коло байгесине татыктуу болгон. Бул жолу да калыстардын айынан алтын байгеден куру калдык. Себеби калыстар каратып туруп эле колдо турган алтын медалды кытайлык балбанга ыйгарып койду. Дагы таймашуулар али алдыда. Декабрда Катардын Доха шаарында өтө турган 15- Азия оюндарында да байге алууга аракет кылабыз.

Канаттын атасы Кубат Бегалиевдин айтымында Канат Бегалиев августта Монголияда өткөн студенттердин дүйнөлүк чемпионатында коло байге утуп алган. Канаттын чоң атасы Борбор Азияга таанымал балбан болгон, эки бир тууганы да спорт чебери. Атасы Кубат дагы учурунда кыргыз күрөшү боюнча өлкөнүн бир нече жолку чемпиону болгон. Канаттын ата-теги балбандын тукуму.

- Менин атам Төлөш аюу менен кармашып, аны жыгып, байлап келген балбан болчу. Талас эмес бүтүндөй Казакстанга таанылган балбан болгон. Мен да жаш кезимде күрөш, боск менен машыккам. Спорт чебери аталып, өлкөнүн эки жолку чемпиону болгон элем. Канаттан улуу эки уулум Тариэль жана Талас да спорт чебери. 4 уул, 2 кызыбыз бар, Канат төртүнчүсү. Университеттеги окуусуна да, спортко да жетишип жатат.

Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесин уткан Канат Бегалиев таймашуулар курч мүнөздө өткөнүн, эми декабрда Катар өлкөсүнүн Доха шаарында өтө турган 15- Азия оюндарына барууга камылга көрөөрүн айтып, алдыдагы максаты Пекин олимпиадасында чемпион болуу экенин билдирди.

Дүйнө биринчилигинде мөрөй алган Канат Бегалиевге Кыргыз дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиги 50 миң сом сыйлык белгилеп, машыктыруучусу Майрамбек Ахметовго 25 миң сыйлык чектеди. Канатка ишкер агалары жеңил машина белек кылышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG