Бул жумада “Элдик көркөм өнөр кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өтөт. Бул жыйында куттуктоо сөздөрү менен бирге эмгеги сиңген чеберлерге сыйлыктар тапшырылат. «Кыргыз кол өнөрчүлүк кеңешинин” төрагасы Султанбек Макашевдин билдиргенине караганда ал сыйлыктарды өлкө башчысы өзү тапшыраары күтүлүүдө. Иш-чаранын алкагында ошоондой эле “өнөр майрамы” көргөзмөсү ачылып, анда чеберлердин буюмдары коюлат.
Бул иш-чара фольклордук музыканын концерти жана улуттук кийимдердин көргөзмөсү менен коштолот. Ал эми чеберлердин колунан жаралган буюмдар сатыкка да чыгарылат.
Бишкекте француз мультфилимдеринин жумалыгы өтөт. Франциянын Кыргызстандагы элчилигинин маданий иштер боюнча өкүлү Шарлота Орбендин билдиргенине караганда көрүүчүлөргө француз режиссерлорунун колунан жаралган бир нече мультфильмдер тартууланат. Мульфильмдер Ала-Тоок кинотеатрында экинчи октябрдан тартып, сегизинчи октябрга чейин саат он алтыда жана он сегизде акысыз көрсөтүлөт.
5-октябрда улуттук филармонияда Чүй камералык оркестри концерт берет. 6-октябрда улуттук китепканада “Орус адабияты жана маданияты” борборунун ачылыш аземи болот.
6-7-октябрда кыргыз циркинин имаратында белгилүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева чыгармачылык кечесин тартуулайт.
Бул концерт менен катар Кожомкул атындагы спорт ордосунда “Сема” тобу алгачкы концертин тартуулайт. Эки күнгө созулчу бул кечени бир катар ырчылар жана бий топтору коштойт.
Жалал-Абад дубанында бул жумада “Министрдин кызынын махабаты” аттуу тасма көрсөтүлөт.
Айжан Шаботоева, Бишкек