Батыш эксперттеринин пикиринде, Маскөө менен Тбилиси ортосунда чыккан чатак - жалаң гана тыңчылар менен байланыштуу эмес, анткени андай жаңжалдар адатта тынч чечилет. Анткен менен Орусия өзү жакында Маскөөдөгү британиялык элчиликтин эки кызматкерин тыңчылыктан күнөөлөп, алардын мыйзамсыз деп аталган аракеттерин видеого тартып жана аны күтүүсүздөн мамлекеттик сыналгы аркылуу көрсөтүп, чатакты жогорку дэңгээлге чыгарган. Грузияда кармалган төрт орусиялык жаран болсо - орус коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалагынын кызматкерлери, алар адистиги боюнча тыңчылар.
Алманиянын "Тагесцайтунг" деген гезити 2-октябрда жазганга караганда, кармалгандар чындап эле Грузияга каршы тыңчылык кылган сыяктуу, анткени алардын аракеттери мыйзамдуу же мыйзамсыз экени тууралуу Маскөө бир да сөз айткан жок жана Тбилисинин колунда өтө орчундуу далилдер болгон сыяктуу. Маскөө жөн гана - кармалгандар бошотулуш керек деген талап коюп келген жана алардын күнөөлүү же күнөөлүү эмес экени жөнүндөгү маселени карштырбастан, Грузияны "бандиттик мамлекет" деп атаган.
Маселени жогорку деңгээлге көтөрүүгө президент Владимир Путин дагы көмөктөштү: "Грузиянын аймагындагы аскерлерди чыгарып кетүү боюнча түзүлгөн келишимдердин баарын Орусия так аткарып жаткан мезгилде биздин аскерий офицерлерибиз кармалып, абакка ыргытылды. Бул - Грузия жетекчилиги өлкө ичинде дагы, эл аралык сахнада дагы Лаврентий Бериянын ыкмалары менен аракеттенип жатканынын белгиси", - деп билдирди Путин.
Берия грузин экени жана бүткүл СССРди бийлеген дагы бир башка грузин - Сталиндин жакын жардамчысы богонун эске алганда, Путиндин сөздөрү өзгөчө мааниге ээ дейт "Азаттыктын" кабарчысы Люк Оллнат. Аны менен катар Грузиянын аракеттерин дагы дипломатиялык деп атоо кыйын. "Грузия президенти ушинтип, мына мен эмне кыла алам дегендей элге көрүнүп аракеттенгенди жакшы көрөт", - дейт Тбилиси шаарындагы Тынчтык маселелери боюнча Кавказ институтунун деректири Гия Нодия.
Америкалык "Уолл стрит жорнэл" гезити 2-октябрда жазганга караганда болсо, тыңчылык маселесин көтөрүү менен Грузия - Абхазия жана Түштүк Осетияны өз курамында кармап калуу боюнча шашылыш аракеттерди көрүүдө. Эмдиги жылы Сербиянын курамындагы Косово автономиясынын эгемендүүлүгү боюнча элдик референдум өткөрүлүшү мүмкүн. Маскөөнүн айтымында болсо, эгер Косово эгемендүү мамлекетке айланса, анын жолун - Молдованын курамында Днестр жумурияты жана Грузияга кирген Абхазия менен Түштүк Осетия дагы жолдойт.
Бул эки жумурияттын аймагында болсо көп жылдан бери орусиялык аскерлер бейпилдик күчтөр катары аракеттенет, бирок Маскөө бул эки автономиянын тургундарына орусиялык паспорт берип жатканы - алардын сеператизмин ого бетер күчөтүүдө. Ошондуктан Саакашвили кандай болбосун шылтоо менен чатак чыгарып, орусиялык күчтөрдү Бириккен Улуттардын же Европа Биримдигинин аскерлерине алмаштырууга өтө кызыкдар. Саакашвилинин убактысы өтө аз деп жазат гезит.
Өткөн аптада Грузия президенти Бириккен Улуттардын сессиясында чыгып сүйлөгөндө, орусиялык аскерлердин аймактан чыгарылып кетишин Тбилиси талап кылат деп билдирди. Анын жардамчыларынын айтымында, өтө чоң кризис чыгып кетет деп корккон Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү Саакашвилиге - Орусиянын бейпилдик аскерлери Грузиядан качан чыгарылыш керек экенин атабоону суранган.
Кармалган офицерлер - Тбилисиге Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун төрагасы Карел де Гюхт шашылыш келгенден кийин гана 2-октябрда бошотулду.