Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:33

ЖАЛАЛАБАТ: «МУНДУЗ» АЙЛЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ ЖЕР БАСЫП АЛУУНУ ТЫЮУНУ ТАЛАП КЫЛЫШТЫ


2-октябрда Жалалабат облустук администрациясынын алдына топтолгон айрым тургундар жергиликтүү бийликтен жер басып алуучуларды тыюуга чакырды. Ошол эле маалда алар элди жумуш менен, анан жер менен камсыз кылууну, ал эми буга чейинки жер басып алып жаткандарды болсо жоопко тартууну талап кылышты.

Сузак районундагы «Кызылтуу» айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жер басып алууга бөгөт болуу үчүн Жалалабат шаарындагы жайдак жери калган канаттуулар фабрикасынын кире беришинде эки айдан бери олтурат. Эми алардын жерди коруганга чыдамы түгөндү. Идаят Оморова айткандай эски фабриканын аймагында ишкана курууга мүмкүнчүлүктөр бар:

- Орду, канализация, бардыгы бар. Кайра орнотуп койсо канчалаган элге иш орун пайда болот эле.

Облбийлик алдында тургандар фабриканы басып алгандарды жоопко тартуу, мурда канаттууларды багып, эми жумушсуз жүргөндөрдү иш менен камсыз кылуу, «Мундуз» айлындагы турак-жайсыз 120 адамга жер бөлүп берүү жана мыйзамсыз жер басып алууларды токтотуу талаптарын коюшту.

"Башка жактан келгендер чыгып кетпей, калып калса, кокустан фабрика курулбаса, ушул 120 адамга жер берсе деген сураныч менен келдик",- деди Алмакан Акынбекова.

Үй-бүлөсү менен батирде баш калкалаган эки балалуу Назгул Акматова:"Бизге окшогон жаштарга келечекте үй-жай курганга чек бөлүштүрүп берсе жакшы болот эле".

Талаптары аткарылбаса, Калыскан Мурзаева жер ээлегендерге өздөрү чара колдончу түрү бар:"Талабыбыз аткарылбаса биз Кызылтуу айылынын адамдары айдап чыгабыз".

Облбийликтин чечимин түшкө чейин күткөн кишилер бийлик ээлери менен имарат залында жолугушту. Жер ээлегендердин эсебин бермек болгон адамдарды ички иштер башкармасынын жетекчиси Нурлан Темирбаев сабырдуулукка чакырды: "Кайсы архитектор уруксат берди? Булардын эки башчысын карап атабыз, аларды бүгүн-эртең жоопко тартабыз."

Кызылтуу айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү корунда 167 гектар жер калган. Айыл өкмөт Асан Шакиров үйсүздөр үчүн 20 гектар аянт бөлүнөөрүн билдирди:
"Борбордо маданият үйүн курууга жер жок болуп атат. Ошон үчүн таштуу жерди соттон утуп алдык".

Айыл тургундары жер ээлөөчүлөрдүн башка жерлерди да басып алууга ойлору бар экендигин айтышты. Жер баскандар өз ара акча чогултуп, бөлүнгөн жерлерин башкаларына саткан учурлар болууда.

Бирок, жердин кимге таандык экендиги эмдигиче такталалек. Башчысы кармалганы менен жер ээлөөнүн башка уюштуруучуларын изилдөөгө 10 күндөй убакыт зарыл. Губернатор Искендер Айдаралиев мыйзамсыз иш-чараларга тиешеси бар кишилер жоопко тартылаарын айтты.

"Мен айтып коеюн, бул жерде отурган 700 адам акчасын берип койгон деп бизге маалымат жетип атат. Биз анын барын анализ жазап атабыз", - деди губернатор Искендер Айдаралиев.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG