Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

БОБ ВУДВОРД АК ҮЙДӨГҮЛӨРДҮ АШКЕРЕЛЕЙТ


Ирак согушу тууралуу АКШда сатыкка түшкөн жаңы китепте Жорж Буштун администрациясы ич ара араздын кеңсеси таризде сүрөттөлөт, ал эми президенттин өзү чала сабат, иштин көзүн билбеген адамдай сыпатталат. Китеп “Төгүн абал” деп аталат, анын автору – учурунда “Уторгейт” жаңжалын чукуп чыгып,президент Ричард Никсондун түбүнө жеткен “Вашингтон пост” гезитинин репортеру Боб Вудворд. Китепте Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд өзгөчө тетири тейде көрсөтүлгөн.

Боб Вудворд мурдагы “Буш согушта” жана “Жапырык планы” деп аталган эки китебинде президентти оң мүнөздө көрсөтсө, бу жолу аны согуштун өзүнөн көрө анын коомдук пикирдеги баасына көбүрөөк кам көргөн адам катары сыпаттайт.Мисалы, Вудворд 2003-жылы күздө коалиция жаңы каршылыкка туш боло баштаганын айтышкан өкмөт мүчөлөрүн Буш: “Бу кабинетте ким бирөө кандайдыр бир козголоң тууралуу кеп кылышын каалабайм!” – деп какканын келтирет.

Китепте ошондой эле 2001-жылы 11-сентябрдагы окуяларга эки ай калганда АКШда террорчулар бир балаамат жасаганы жатат деген кабарларга Буш маани бербей койгону да айтылат.

Ирактагы согуштун көп күнөөсүн Вудворд Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелдге жүктөйт. Жакынкы Чыгыштагы америкалык жалпы куралдуу күчтөрдүн колбашчысы генерал Жон Абизейддин сөздөрүн келтирип, Вудворд Рамсфелдди аскери иштерден анчейин кабары жок, тек гана бир кекирейме неме деп атайт. Аны президенттин жакын кеңешчилери,атүгүл Лора Буш кызматтан алууну сунуш кылышкан экен,бирок вице-президент Дик Чейни ортого түшүп, сактап калыптыр. Рамсфелд менен Кондализа Райстын мамилесин Вудворд “ит менен мышыктай” деп мүнөздөйт.

Вудворддун китеби сатыкка түшпөй жатып,анда айтылган бир катар маалыматтарды Ак үйдүн өкүлдөрү төгүндөп чыгышты. Атап айтканда,Рамсфелдди кызматтан алуу тууралуу Лора Буш дегеле сөз кылбагандыгын, Пентагондун башчысына президент такай ишенич менен мамиле кылып келатканын Ак үйдүн өкүлү Сноу билдирди. Китепте келтирилген маалыматтардын көбүн ал ушак-айыңдардын топтондусундай мүнөздөдү.
Вудворд болсо өз китебин администрациянын мүчөлөрү менен болгон жолугушуулардын, маектешүүлөрдүн негизинде жазганын айтат.

XS
SM
MD
LG