Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

ДОСУМБАЙДЫН ТЕРИСИН КИМ «СЫЙРАТ?


«Агым» гезити Ысык-Көл
районундагы «Ынтымак» кооперативин жоюу комиссиясынын төрагасы Досумбай Дүйшеналиевдин КР президенти К.Бакиев менен президентке караштуу адам укугу боюнча комиссия төрагасы Турсунбек Акунга жазган арыз катын жарыялады. Кат ээси аталган кооперативдеги талап-тоноолор боюнча күнөөлүү адамдар эмдигиче мыйзам алдында жооп бербей келатканын, анын жогорку жактарга койгон талаптары аткарылбагандыктан өткөн жылдын 19-сентябрында оозун тигип алуу менен нааразылык көрсөткөнүн, эгер бул талабы быйыл да аткарылбай турган болсо өз терисин өзү сыйрып, президентке, Жогорку Сотко анан Бириккен Улуттар Уюмуна жиберерин жазган. Гезит ушул эле санында «Реформа үчүн» кыймылынын «2-ноябрда бардыгыңар Акүйгө» деген рубриканын алдында: «Бакиевдин үй-бүлөлүк зордугун токтотолу!» деген темада билдирүүсүн басты. Кыймыл окурмандардын көңүлүн 7 маселеге бурган. Негизги талап-Президент К.Бакиев менен премьер-министр Ф.Куловдун отставкасын талап кылган мөөнөтсүз митингдин башталарын кабарлаган. «Агым» мындан тышкары президент К. Бакиевдин элге Кайрылуусуна айрым саясатчылардын пикирин сурап, ага жооп алган.

Роза ОТУНБАЕВА, «Асаба» партиясынын теңтөрайымы:"Кайрылууда айтылган идеялардын, азыркы Акүй жүргүзүп аткан саясаттын дээрлик көпчүлүгүнө каршыбыз".

Алым ТОКТОМУШЕВ, «Алас» гезитинин кабарчысы:- "Мындай Кайрылуулар СССРден бери келаткан көнүмүш адат. Ушинтип кайрыла беришет. Бирок андан эмне жыйынтык чыгарына эли да, элине кайрылып аткан кишиси да кызыгып койбойт. Акаев да ушинтип жылыга кайрыла берип, акыры өзү кайрылгыс болуп кетти, бийлик башындагылардын кайрылуусу ар дайым прагматикалуулукка таянбастан филологияга, күпүлдөгөн эмоцияга таянарын эске алсак, ал анда курулай гана сөз".

Ташболот БАЛТАБАЕВ:"Мындай кайрылууларды уга берип кулак байкушка гана убал болду, бирок, иши жок турганда жер-жердеги арзыматтар менен дүжүрлөргө жакшы эрмек табылды."

«МСН» гезити бүгүн Кыргызстанда Орусия коргоо министри Сергей Ивановдун биринчи ырасмий иш сапары башталганын маалымдады. Ушул күндөрү өз аскерлерин Грузиядан чыгарып кетүүгө аргасыз болуп аткан Орусия өзүнүн коргонуу тармагындагы кызыкчылыгына Кыргызстанды дагы бекемирээк тартууга аракет жасайт, деп жазат «МСН». Демек орус министринин бул сапарына белгилүү акын кызыбыздын «жөн келген жоксуң жигит…» деген ыр сабын келтирүү ылайык болор. Ушул эле гезит коллективдүү коопсуздук Кеңеши уюмунун баш катчысы Н.Бордюжанын бир фестивалда сүйлөгөн сөзүн келтирет, Н.Бордюжа ал сөзүндө Кыргызстанда оппозициялык күчтөрдүн күзгү коркутуп-үркүтүүлөрүнөн эч кандай чочулоонун кереги жогун, анткени Кыргызстанды билимдүү президент менен иш десе ичкен ашын жерге койгон өкмөт башкарып турганын, демек өлкөдө туруктуулукту сактаганга алардын кудурети жетерин айткан.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG