Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

“ПЕТРАРКАНЫН ОКУУСУ» АТТУУ ТАСМА ТАРТЫЛАТ


“Кыргызфильм” киностудиясы менен биргеликте тартыла турган бул тасмага бюджеттен 2 млн. сом бөлүнгөн.

Фильм алгач Ош жергесинде тартылмак, бирок фильмди тартууга көмөк көрсөтө турган демөөрчүлөр оң жообун беришпегенден кийин кайра, сценарийди өзгөртүшүп Бишкектин чет жакаларындагы абактарда тартууга ылайыкташкан. Ошондой эле тасмада ойной турган артистерди да кыскарттык, дейт режиссер койуучу Нурлан Абдыкадыров.

-Мурунку сценарийде актерлор эки эсе көп болчу, ошондой эле окуя Көлдө, Боом капчыгайында, Бишкекте жана башка жерлерде тартылмак. Бирок демөөрчүлөр көпкө чейин жооп беришпегенден кийин сценарийди өзгөртүп, Бишкекте тартууга туура келди. Анан мен шаардагы түрмөлөрдө эле тартам деп чечтим.

Фильмде негизинен түрмө ичиндеги жашоо чагылдырылат. Башкача айтканда, абак ичиндеги кутумдар, түрмө кызматкерлеринин чоң кызматка умтулуусу жана камактагылардын жашоого болгон көз карашы чагылдырылат. Ал эми режиссер Нурлан Абдыкадыровдун айтымында фильмдеги башкы тема бул эркиндик темасы.

Мына ушундай өңүттө Нурлан Абдыкадыров 90-жылдары спектакль койгон. Ошондон тартып фильмдин сценарийин жазуу идеясы жаралды дейт режиссер. Ал эми актерлордун кийимин тандоодо атайын абактарды кыдырып, кампаларынан союз учурунда кийилчү кийимдерин алдык, деди фильмдин сүрөтчүсү Шарип Жайлообаев.

Тасмада ойной турган актерлордун курамын тажрыйбалуу жана профессионал эмес артистер түзөт. Ал эми башкы ролду көпчүлүккө белгилүү болгон “Тунгуч” тамаша театрынын артисти Болот Тентимишов ойнойт. Ал жарата турган образы туурасында мындай деди:

-Актер болгондон кийин чоңбу же кичине ролбу кызыктуу. Ал эми тасмада мен терс каармандын образын жаратам, ал жагы да кызыктуу. Мага жакканы эң негизгиси адамдын тагдыры чагылдырылат.

Нурлан Абдыкадыровдун билдиргенине караганда кино күнүнө карата бул тасманын болжолдуу нускасы даяр болот. Ал эми көрүүчүлөргө жаңырган жылдын башында тартууланат.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG