Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

СОҢКУ БИШКЕК-ТАШКЕН АЛАКАЛАРЫ: АДАМ УКУКТАРЫ ЖААТЫНДАГЫ САНААРКООЛОР


Былтыр 24-марттагы ыңкылаптын негизинде бийлиги алмашкан Кыргызстан ушул тапта конституциялык реформалардын ирегесинде турат. Анын коңшусу Өзбекстанда болсо 2005-жылдын май айындагы кандуу Анжыян окуяларынан кийин авторитардык режим ого бетер чыңдалып, ар кандай оппозициялык кыймылдарга жана көз каранды эмес ой жүгүртүүлөргө каршы айоосуз иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бирок, ошол эле учурда соңку айларда расмий Бишкек менен расмий Ташкендин ортосундагы салкын мамиле кыйла жумшара баштаганы байкалат. Кыргыз президенти Курманбек Бакиев жана анын өзбек кесиптеши Ислам Каримов бул жакындашууларга бүгүн оң баа беришти. Деги, “ыңкылаптын өкмөтү” менен Каримовдун режиминин ортосундагы мындай жакындашуунун кандайча оош-кыйыш жактары бар?

Кыргызстанда бул эки коңшу мамлекеттин башчыларынын бүгүн айтылган ойлоруна кайчы пикирлер акыркы кездери кыйла көп айтылып келет.

Алатоодогу бир катар укук коргоочулар, оппозициячыл саясатчылар жана ал түгүл Президентке караштуу Адам укуктары комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун сыяктуу айрым расмий өкүлдөр да, бир чети, Кыргызстан менен Өзбекстандын дурус коңшулук мамилелеринин өнүгүшүн жакташса, экинчи чети, эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн өз ара тыгыз кызматташа баштаганына терең тынчсызданууларын билдирүүдө.

Маселен, Кыргыз Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу Кыргыз президенти Курманбек Бакиевдин Ташкенге расмий сапарга чыгарынын алдында “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берген. Акыйкатчынын оюнча, демократиялык реформалар жүргүзүүгө талаптанган Кыргызстандын бийлиги Ташкендеги адам укуктарын кадырлабаган режимден обочо турганы оң:

- Президенттердин достугу – атайын кызматтардын эле достугу болушу керек эмес. Элдердин достугуна айланышы керек. Азыркы күнү карасак, бул – атайын кызматтардын жана ички иштер министрлеринин гана достугуна айланып кетип атат. А элге эч жакшы нерсе көрүнбөй атат, билинбей атат.

Турсунбай Бакир уулунун оюнча, бул сапар маалында президент Бакиев Кыргызстандын атуулдарынын кызыкчылыгын жана демократиялык коомдун милдеттенмелерин көңүлдүн борборунан чыгарбоосу керек:

- Менин бир эле каалоом – ошол жерде кыргызстандыктардын укуктары жөнүндө тереңирээк сөз болсо экен. Кыргызстандын территориясынан биздин атуулдар уурдалып, Өзбекстанга уурулук жол менен алып өтүлүп, ал жакта камалбасын. Экинчиден болсо, коңшу өлкөнүн атайын кызматтарынын (Кыргызстандагы) ишмердүүлүгүнө биз тыйуу салышыбыз керек. Кыргызстан – эгемендүү мамлекет. А жанагындай эле, газдын баасын түшүрүү үчүн, же болбосо, Өзбекстан динчилер менен күрөшүп атса, биз аларга жардам беребиз деп өз аймагыбызда күрөшүү – бул акылсыздык.

Расмий Бишкектин сынчыларынын айтымында, коопсуздук кырдаалына шылтоо кылынып жасалып жаткан мындай кызматташтык Кыргызстандын эл аралык беделине да орчундуу доо кетирүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 9-августунда өзбекстандык төрт качкын (Жахангир Максудов, Йакуб Ташбаев, Адилжан Рахимов жана Файаз Тажыхалилов) жана качкын макамын алууга аракеттенген бир өзбек атуулу (Файаз Тажихалилов) Кыргызстандын башпрокурору Камбаралы Конгантиевдин уруксатынын негизинде Өзбекстан бийлигине өткөрүлүп берилген. Оштогу убактылуу абакта кармалган бул беш өзбек атуулунун Ташкенге өткөрүлүп берилиши жергиликтүү жана эл аралык коомчулукта чоң чуу жараткан.

Бириккен Улуттардын Качкындар маселеси боюнча агенттигинен качкын макамын алган бул төртөө жана ушундай макам үчүн арыз жазган бешинчи киши былтыр Өзбекстандын өтүнүчүнө ылайык камакка алынып, Оштогу убактылуу абакта кармалып келген. Расмий Ташкен аларды былтыркы Анжыян козголоңуна катышы бар “коркунучтуу кылмышкерлер” катары айыптап келет.

Европа Биримдигинин президенттигин аркалаган Финляндия бул качкындардын Бишкек тарабынан Ташкенге өткөрүлүшүн 1951-жылы кабыл алынган “Качкындар Конвенциясын” одоно бузуу катары кескин сынга алды.

(Кыргызстан расмий кол койгон бул “Конвенцияда” тигил же бул качкынды ал өзү качып чыгууга аргасыз болгон өлкөгө мажбурлап кайтаруу мүмкүн эместиги белгиленген).

Бул окуядан көп узабай Бишкекке келген АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысы Ричард Баучер (Richard Boucher) да Вашингтондун кыжаалаттанган маанайын мындайча билдирген:

- Биз бул кадамга абдан нааразы болгонубузду айтууга тийишмин. Соңку бир жылдын аралыгында, - өлкөгө качкын макамын алуу үчүн баш паана издеп келген 430дай кишини эске алсак, - Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык жашап келген. Бул милдеттенмелер абдан олуттуу мааниге ээ. Биз бул милдеттенмелер аткарылса экен деп үмүттөнөөр элек.

Ал эми өзбек качкындарынын укук-таламдарын коргоо менен түздөн-түз алектенген уюмдардын биринин – “Адилет” уюмунун жетекчиси Чолпон Жакупова айым болсо бул өзбек качкындарынын кейиштүү тагдыры президент Курманбек Бакиевдин Ташкенге жасай турган сапарынан улам болду деген оюн “Азаттыкка” (9-августта) мындайча айткан эле:

- Бул президент (Курманбек) Бакиевдин Ташкенге сапарга аттанаар алдында президент (Ислам) Каримовго жасаган өзгөчө белеги болуп калды. Мына ушундай. Кантип муну башкача түшүндүрмөк элек. Бул айдан-ачык болуп турбайбы. Тек гана өкүнгөнүм - ушундай “өзгөчө белек-бечкектерди” даярдоого (Кыргызстандын) Башкы прокуратурасынын катышкандыгы болду. Бул мекеме – мыйзамдуулук нормаларын сактоого түздөн-түз көзөмөл жүргүзүүгө тийиш болгон мекеме эмеспи!

Укук коргоочулардын мындай айыптоолорун кыргыз баш прокурору К.Конгантиев өзүнө жууткан жок.

- Өзбекстанда зөөкүрчүлүк кылып, кылмыш жасап, Анжыяндын прокурорун зөөкүрчүлүк менен өлтүргөн жанагы (Расулжан) Пирматов, дагы башкалары Кыргызстанга качып келген. Мына, менин пикирим - кылмышкерлер, адам өлтүргөндөр түрмөдө жатышы керек.

Кыргызстандагы кырдаал бул өлкөгө келүүгө аргасыз болгон башка өзбек качкындары үчүн андан кийин да жакшырып кеткен жок.

Расмий Бишкек четке каккан бир катар маалыматтарга караганда, кыргыз бийлигинин тымызын макулдугуна жана көмөгүнө таянган өзбек коопсуздук кызматкерлери Кыргызстанга баш паана издеп келген айрым өзбек качкындарын таламандын так түшүндө Кыргызстандын аймагынан уурдап кеткен учурлар катталган.

Борбордук Азия боюнча адистердин бири, мурдагы Кыргызстандын Индиядагы элчиси, Кыргыз-Америкалык Борбордук Азия университетинин проректору Бакыт Бешимов да тарыхый кыргыз-өзбек алакаларынын башаттары терең экенин эске салып, бирок ошол эле учурда Ташкендин азыркы авторитардык режимине кылдаттык менен мамиле жасоо керектигин эскертет:

- Өзбек эли менен сөзсүз түбөлүккө дос мамиледе болушубуз керек. Жакын элбиз. Тамырыбыз бир, тарыхыбыз бир, базарыбыз да бир, мазарыбыз да бир. Бирок кээ бир келечеги жок режимдер менен мындай түптүү мамиле түзгөндөн алысыраак болушубуз керек. Өтө кылдаттык менен тышкы саясатты жүргүзсөк. Алардын капасына түшүп калбайлы. Алардын кээ бир учурда күмөндүү болгон саясатына байланып калбайлы.

Ошол эле учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара визасыз каттамды калыбына келтиришинин зарылдыгын баса белгилеген, өлкөлөр аралык чарбалык алакаларды жандантууну, кыргызстандык жана өзбекстандык өнөрпоздордун, акын-жазуучулардын, илимпоздордун карым-катнаштарынын чыңдалышын жактаган үндөр улам арбын чыгууда.

(Сүрөттө: Кыргызстандагы Ош шаардык соту тарабынан 29-сентябрда акталган Гүлмира Максутова өз чүрпөсү менен. Г.Максутовага жана башка үч кишиге тагылган “террордук иш-аракеттерди уюштуруу аракеттери” менен байланыштуу доону Кыргызстандын түштүк ордошаарынын соту далилсиз деп тапты. Гүлмиранын атасы Акрам Йулдашев Өзбекстандын Анжыян шаарында “экстремисттик уюмду түзгөн” деген айып менен абакта жатат. Йулдашев бул айыпты четке каккан.)

XS
SM
MD
LG