Президент Курманбек Бакиев бүгүн өзбек парламентинин алдында сөз сүйлөйт. Андан кийин кыргыз делегациясынын Самарканд шаарынын архитектуралык ансамблин көрүүсү белгиленген.
3-октябрда болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу президент Курманбек Бакиев мындай пикирин билдирген:
"Биз эки мамлекеттин мамилесин камтыган кеңири маселелер боюнча пикир алмаштык. Ал мамилелерди дагы жогору деңгээлге көтөрүү, кеңейтүү керектигин аныктап, андай маанай эки тарапта тең бар экенин белгиледик".
Президент Ислам Каримов сүйлөшүүлөр соңунан кийин мындай билдирүү жасады:
"Кыргызстан президенти Курманбек Бакиевдин расмий сапарын биз эки мамлекеттин мамилесинин тарыхындагы маанилүү жана мезгил талап кылган сапар катары карайбыз. Ачык, ишенимдүү маанайда өткөн сүйлөшүүлөрдө эки өлкөнүн мамилесине сынчыл, ачык жана обьективдүү баа берилип, регионалдык жана дүйнөлүк маселелер боюнча пикир алмашуу болду. 1996-жылы кол коюлган түбөлүк достук жөнүндөгү келишимди жактаган билдирүүнү кабыл алдык".
Сапар учурунда төрт макулдашууга, анын ичинде эки өлкөнүн атуулдарынын өз ара каттамдары боюнча да макулдашууга кол коюлду. Ал тууралуу Кыргызстан тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбеков буларды белгиледи:
"Ушул макулдашууга ылайык эки өлкөнүн атуулдары Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагына алтымыш күнгө чейин визасыз кирип, катташууга акысы бар".
Президент Курманбек Бакиевдин сапары учурунда кыргыз-өзбек чек арасынын 1043 чакырымынын делимитацияланганы тууралуу келишимге кол коюлушу күтүлгөн. Бирок тараптар андай келишимге кол койгон жок. Анын себептери тууралуу өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов буларды билдирди:
"Азыркы деңгээлинде андай келишимге кол коюу туура эмес болот деген түшүнүк болду. Кийинчерээк, жакшы деңгээлге келгенде, мисалы, 1200, 1250 чакырым такталганда кол койсо болот".
Белгилүү болгондой кыргыз-өзбек чек арасынын узундугу 1295 чакырым келет. Чек аранын делимитацияланган бөлүгү боюнча келишимге кол коюлбай калганы тууралуу өлкөнүн мурунку тышкы иштер министри Роза Отунбаева мындай пикирин билдирди:
"Ушул эки мамлекет ортосунда чек ара жөнүндө келишимге кол коюлуп калса, анда эң эле татаал жерлер чечилбей калат. Биз мындай жолдон өткөнбүз Кытай менен чек араны аныктоодо. Ошондуктан мен ойлоймун бул маселе даяр эмес".
Газ маселесинде өзбек тарап абдан прагматикалык позицияда турууда. Ошондуктан бул тарапта маселе биздин төлөө жөндөмүбүзгө жараша, дейт Роза Отунбаева. Анын пикиринде, Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы беш жылдан бери токтоп калган жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын кайра жанданышы, эки ортодогу чоң маселелерди чечүүнүн башталышы катары каралып жаткан.