Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

“ДҮЙНӨ ЖҮЗҮН ҮМҮТТӨНҮП КАРАЙЛЫ”


“Психикалык саламаттык жана коом” коомдук бирикмеси Баткен облусунда болуп, жетекчилер, дарыгерлер жана жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, ооруканалардын, мектеп интеранаттардын абалы менен таанышып кайтышкан. Мына ошол сапар учурунда тартылып алынган сүрөттөрүн негизинде Бишкекте “Дүйнө жүзүн үмүттөнүп карайлы” аттуу фото көргөзмө уюштурушту.

Фотосүрөтчү Шайлоо Жекшенбаевдин айтымында Сүлүктү, Исфана жана башка бир катар айылдарды кыдырышып, оруулулардын абалы менен таанышып чыгышкан.

-Майып адамдардын акыбалы кандай экенин, алар кандай каржыланып, кандай методика менен дарыланып, мамлекеттен эмне жардам берилип жатканын өз көзүбүз менен көрүп келдик. Мына ошолорду өзүмдүн байкоомо карата тартып келдим.

Көргөзмөдө көбүнчө жетишпеген жашоо чагылдырылган. “Психикалык саламаттык жана коом” коомдук бирикмесинин жетекчиси Бурул Макенбаева Баткен жергесине жардамдар жетпегендигин айтып, психикалык саламаттыктын жакырчылык менен түздөн-түз байланышы бар экендигин белгиледи.

Көргөзмөгө келген көрүүчүлөрдүн бири Камчыбек мырзага микрофон узатканыбызда ал көргөзмө тууралуу мындай пикирин билдирди.

-Көргөзмөдө түштүк жергесиндеги дарыканалардын, андагы орулуулардын, мектептердин абалы чагылдырылган экен. Менин оюмча мындай көргөзмөлөр сөссүз керек, себеби эч качан жаманы жок жакшы нерсе болбойт. Андыктан мындай нерселерди да көрө жүрүш керек.

Бул көргөзмө менен катар психикалык саламаттыкка тиешеси бар маселелерди чагылдырган фильмдер да көрсөтүлүүдө. Психолог Кеңешбек Үсөнов элге түшүндүрүү, көңүлүн буруу жана коомчулуктун бул маселеге болгон пикирин өзгөртүү максатында өткөрүлүп жаткан бул иш-чара натыйжасын бере тургандыгын айтып, ушуну менен эле токтоп калбастан андан-ары улантууну ниет кылып жатышкандыгын билдирди.

-Тилекке каршы акыркы он беш жылга чейин психикалык ден-соолукка болгон көз караш өтө начар, туура эмес болуп келген десек жаңылбайбыз. Мисалы, психикалык ооруга чалдыккан адамдарды чоң-чоң ооруканаларга алып барып чогултуп, социалдык жактан камсыздык жасалбай, элдин ичинде ал адамдар тууралуу ар кандай пикирлер пайда болгон. Мына ушул иш-чарадан кийин бир катар адамдар пикирлерин өзгөртүшү мүмкүн. Биз колубуздан келишинче элге жайылтып, түшүндүрмө иштерин жүргүзсөк деген тилегибиз бар.

Бул көргөзмө 15-октябрга чейин созулат. Андан кийин Ош жергесинде “Психикалык саламаттыкты сактоонун жардамы жер-жерлерде болуш керек” деген темадагы форум менен уланмакчы.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG