Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

ОШ : ҮЙ ТАЛАШКАН АДАМДАР ӨЗДӨРҮН ӨРТТӨӨГӨ ДАЯР


Кубанычбек Жолдошев, Ош Ошто 3-октябрда жибек комбинатына караштуу болуп келген төрт кабаттуу үйдөн аны басып кирип жашап алгандарды күч менен чыгаруу башталды. Анткени, анда жашап аткандар соттун чечими боюнча үйдү менчик ээсине бошотуп берүүдөн таптакыр баш тартышты. Алар өздөрүн өрттөй турганын эскерткенде гана милиция кызматкерлери күч колдонуу менен үйдү бошотуу аракетин токтотушту.

Мурда “Ош жибек” акционердик коомуна карап, андан соң орусиялык жеке ишкер Валерий Шепелев сатып алган бул 90 батирлүү үйдү өткөн жылы март окуяларынан кийин мурда жибек комбинатында иштешкен турак-жайга муктаж адамдар басып алышкан эле. Орусиялык жеке ишкер сотко берип, сот үйдү бошотуп берүү чечимин чыгарган. Сот аткаруучулардын жогорудагыдай талабы аталган үйдө жашап жаткандардын каршылыгына туш болду.

Аталган батирлердин биринде жашап жаткан Гүлнара Сатыбаева мурда аталган ишканада иштегендигин айтуу менен, алардын үлүшүнө бериле турган үй мурда мыйзамсыз сатылып кеткендиги үчүн аны басып алууга мажбур болушкандыгын түшүндүрдү:

- Шепелев жашап жүргөндө 28 миң сом карызы бар экен. Ошонун карызын биз төлөйбүз деп, жашагандан бери бардыгыбыз топтолуп 100 сомдон берип келгенбиз. Ушулбу соттун реалдуу караганы? Суулар ушул жерди каптап турчу, Шепелев аны караган эмес эч убакта.

Соттун чечими боюнча аталган көп кабаттуу үйдүн мыйзамдуу ээси деп табылган орусиялык жеке ишкер Валерий Шепелев болсо, анын менчик укугу калыбына келтирилгенден кийин турак-жайга муктаждарга батирлерди арзан баада ижарага бериши мүмкүн экендигин айтып, турак жайды карама-каршылыксыз бошотуп берүүнү суранды:

Валерий Шепелевдин жана сот аткаруучулардын койгон талаптарына үйдө жашап жаткандар көнүшкөн жок. Натыйжада Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өз эрки менен батирлерди бошотууну каалабаган адамдарды күч менен чыгара башташты.

“Марттагы элдик ыңкылап” коомдук бирикмесинин лидерлеринин бири Мырзабек Акматов окуя болуп жаткан жерге келип, тараптарды жаңжалсыз маселени чечүүгө чакырды. Анын айтымында сот жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү бир адамдын кызыкчылыгын жүзгө жакын үй-бүлөнүн кызыкчылыгынан жогору коюп жатышат:

- Карапайым көчөдө калган эл революциядан кийин келип кирип алды. Аларды бир жерге жайгаштырыш керек. Бир адамдын кызыкчылыгы үчүн элдин барын көчөгө айдап чыгыш туура эмес. Эл чыкпайбыз деп турушат. Милицияларды алып барып зордук менен чыгарып атышат.

Күч колдонуу менен үйдү бошотуу иши анда жашап жаткандар өздөрүн өрттөй турганын эскерткенде гана токтотулду.

XS
SM
MD
LG