Кыргызстандагы жалпы маалымат каражаттарынын абалы тууралуу парламенттик угуу өткөрүлүшү күтүлүүдө. Буга байланыштуу чечимди парламенттин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана маалымат саясаты боюнча комиттети бүгүн кабыл алды. Аталган комитет ошондой эле Пирамида телерадиокомпаниясына кол салуу маселесин сессияда кароону сунуштады. (AJ)