Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

ИРАНДЫК ХРИСТИАНДАРГА КАНДАЙ КИНЕ ТАГЫЛГАНЫ БЕЛГИСИЗ


Эл аралык уюмдар Иранда өткөн аптада камакка алынган христиан жубайлардын тагдырына тынчсыздануусун билдирүүдө. Туугандары алар менен жолуга албады, бийликтегилер аларга кандай кине тагылганын айткан жок. Камакка алынган Фереште Дибай менен анын күйөөсү Амир Монтазами Мешхед шаарында көз карандысыз чиркөөнү башкарып келген. Дибай – мындан көп жылдар мурун христиан динине өткөнү үчүн өлтүрүлгөн динаятчынын кичүү кызы.

28 жаштагы Дибай жана анын 35 жаштагы күйөөсү Монтаземини Ирандык тергөөчүлөр өткөн айдын аягында камакка алаар алдында алардын үйүн тинтип чыгып, компьютер менен китептерин кошо алып кетишкен. Монтаземинин апасы полиция бөлүмүнө барса, ал жердегилер жубайларды кайда алып кетишкенин билбейбиз деп кол жайышкан. Ушу күнгө дейре туугандары аларга кандай кине тагылганын жана кайсыл жерге камалганын биле албай беймаза.

Ферештенин агасы Иса Дибай Британияда жашайт.

- Иранда адатта биринчи камакка алышат, андан кийин анан кандай кине тагуу керек деп ойлонушат. Азырынча менин эжем менен жездемдин күнөөсү эмнеде экенин айтыша элек, аларды суракка алып, териштирип жатабыз деп жооп берип жатышат. Амир үйүндөгүлөргө чалып, акыбалым дурус деп бирооз айткан экен. Фереште менен телефондон сүйлөшкөнгө уруксат беришкен жок, ал 6 жаштагы кызы менен да байланыша элек, биз катуу тынчсыздануудабыз,-деди Иса Дибай.

Монтазами 20нын кырынан ашканда христиан динине бурулган. Анын аялы Фереште болсо, Ирандык христиан үй бүлөдө төрөлгөн. Алар "Кудайдын жыйындары" аттуу христиан сектасынын Ирандагы агымынын мүчөлөрү. Ферештенин атасы ушул агымдын чиркөөсүн башкара турган, бийликтегилер адегенде аны 9 жылга түрмөгө кесип, 1993-жылы өлүмгө буйрушкан. Эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен ал 1994-жылдын январь айында түрмөдөн бошотулуп, бирок көп узабай үйүнөн белгисиз адамдар уурдап кетип, кийинчерээк өлүгү табылган. Британияда жашаган Иса Дибай анын эжеси менен жездеси буга чейин эле диний ишмердигине байланыштуу эскертүүлөр алганын айтат.

-Бийликтегилер аларга үйүңөрдө сыйынуу жөрөлгөсүн өткөрбөгүлө деп эскертишкен. Мусулмандар мечитте, же башка каалаган жеринде сыйынгандай эле, христиандар да эркин болушу керек. Балким, алардын камалышына үйүндөгү жыйындарды өткөрө бергени себеп болгондур.

АКШнын Мамлекеттик департаменти диний эркиндикке арналган жылдык докладында Ирандын бийликтерин өлкөдөгү христиан агымдарынын мүчөлөрүн куугунтуктап жатат деп күнөөлөгөн. Ал докладда айтылгандай, былтыр ноябрь айында мындан 10 жыл илгери христиан динин кабыл алган ирандык Горбан Торини белгисиз адамдар өлтүрүп кетишкен. Дагы бир чиркөөнүн динаятчысы өмүрүңдөн ажыратабыз деген опуза каттарды алган. Ирандык христиандардын өзөгүн түзгөн армяндардын саны соңку жылдары кыйла азайды. Алардын көбү Батыш мамлекеттерине эмиграциялап, диний куугунтуктан улам башка жактарда башпаанек издөөгө аргасыз.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG