Төкмө акын Азамат Болгонбаевдын билдиргенине караганда айтышта эки өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаалдарды ырдабай, достук мамилени, ынтымакты жана эки элдин илгертеден келе жаткан байланышын ырдоо талабы коюлган, бирок ошого карабастан казак акындары Кыргызстанда болуп жаткан саясий акыбалды ырга салган.
-Казак акындары сөз арасында биздеги саясий кырдаалды айтып жатышты. Бирок алардын арасында Кыргызстанда болуп жаткан саясий окуялардан кабардар эместер да бар экен. Мисалы, Нурмат деген төкмөсү Акаевдин кеткенин, азыркы ажобуз Курманбек Бакиев экенин билбейт экен. Биз Кыргызстандын атынан барып, кыргыз элинин жүзүн көрсөтүп жаткандан кийин биз дагы өзүбүздүн туура ойлорубузду билдиргенге аракет кылдык.
Кыргыз акындары менен айтышкан казак акындарынын арасында кыргыздын улуттук аспабы комузду билбегендери да бар экен.
-Комуз менен домбура
Казак, кыргыз элине мурас болот Тууганым.
Айтылган сөз жүрөктө ырас болот тууганым.
Канатташ кыргыз элиңдин
Комузун билбей калганың
Уят болот тууганым,-деп казак акындарын Азамат Болгонбаев уяткарыптыр.
Фестивалдын жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен баш байге жергиликтүү акын Нурмат төкмөгө ыйгарылган. Биринчи орунду Азамат Болгонбаев жеңип алып, диплом жана 100 миң теңгеге ээ болгон. Ал эми Шекербек Адылов менен Максат Кулуевдер үчүнчү орунга татыктуу болушуп, 50 миң теңге акчалай сыйлыкка ээ болуп кайтышкан.
Айжан Шаботоева, Бишкек