Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

НОБЕЛ СЫЙЛЫГЫНЫН ЛАУРЕАТЫНЫН УУЛУ ДАГЫ НОБЕЛ СЫЙЛЫГЫНА ТАТЫДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 4-октябрда 2006-жылдын үчүнчү Нобел сыйлыгынын ээси аталды. Медицина жана физика боюнча мурдагы эки сыйлык америкалык окумуштууларга тийген жана үчүнчү, химия боюнча сыйлык дагы АКШ жараны, Стэнфорд университетинин профессору Рожер Корнбергге ыйгарылды.

АКШнын Калифорния штатында жайгашкан Стэнфорд университетинде иштеген Рожер Корнберг Нобель сыйлыгын алыш үчүн Стокгольм шаарына 10-декабрда барат. Бирок ал мындан 47 жыл мурда, 12 жашар кезинде дагы Швецияга барып, Нобел сыйлыктарын тапшыруу салтанатына катышкан - 1959-жылы анын атасы Артур Корнберг дагы медицина боюнча Нобель сыйлыгына татыган. Атасына сыйлык - генетика боюнча жүргүзгөн изилдөөлөр үчүн берилген.

Анын уулу дагы генетика менен химияга кызыгып, генетикалык маалымат бир клеткадан башка клеткага кантип өткөрүлгөнүн жана андай маалыматтарды клеткалар кантип копиялаганын изилдеп, ири ийгиликтерге жетишкен. Швециянын Нобель комитетинин айтымында, ал жасаган ачылыштар жүрөк ооруларын, рак жана башка сезгенүүлөрдү дарылоодо доктурлар менен окумуштууларга эбегейсиз көмөк көрсөтөт.

Бардыгы болуп жыл сайын алты Нобель сыйлыгы берилет. 2006-жылдын биринчи, медицина боюнча сыйлыгы америкалык окумуштуулар Эндрю Файер жана Крейг Меллого бериле турганы 2-октябрда жарыяланган. Алардын дагы изилдөөлөрү генетика тармагында болгон. Анын эртеси, 3-октябрда физика боюнча сыйлыктын ээлери белгилүү болду, аны дагы америкалык окумуштуулар Жон Мазер менен Жорж Смут алмай болду. Эми үчүнчү сыйлык дагы АКШга кетип жатат.

9-октябрда болсо тынчтык орнотуу араккеттери үчүн сыйлыкка быйыл ким татыганы белгилүү болот, ал эми 13-октябрда - экономика боюнча сыйлыктын ээси аталат. Жазуучулар арасындагы Нобель лауреатынын ысмы андан кийин белгилүү болот.

Сыйлык 1901-жылдан бери берилүүдө жана андан бери өткөн 105 жылдын ичинде химия боюнча 184 адам лауреат болуп аталды, алардын ичинде жетөө - аялдар. Физик Эрнест Резерфорд дагы Нобель сыйлыгын химия боюнча алган. Парижде жашаган польшалык окумуштуу Мария Склодовская-Кюри эки жолу лауреат болгон - 1903-жылы ал физика боюнча, ал эми 1911-жылы химия боюнча Нобель сыйлыгын алган.

Химия боюнча сыйлыкты эң жаш кезинде алган окумуштуу - Канада жараны Фредерик Бантинг болгон, инсулин ачканы үчүн 1923-жылы ага сыйлык ыйгарылганда, окумуштуу отуз экиде гана болчу. Химия боюнча эң улгайган лауреат - америкалык Пейтон Роус, ракка алып келген вирустарды ачканы үчүн 1966-жылы ага сыйлык тийгенде, Роус 87 жашта болгон.

Нобель сыйлыгына татыган окумуштуулар жасаган ачылыштар турмушка улам кеңири тарап баратат. Мисал үчүн, 1908-жылы орус окумуштуусу Илья Мечников медицина боюнча Нобел сыйлыгын - кефир менен йоргурттун ден соолукка канчалык пайдалуу экенин делилдегени үчүн алган. Рентген, радио, телевидение, интернет, А, Б жана С витаминдери, инсулин, пенициллин, лазер, тефлон, пластмасса, полиэтилен жана башка көптөгөн нерселерди Нобель сыйлыгына татыган окумуштуулар ачкан.
XS
SM
MD
LG