Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

БАКИЕВДЕР: БИЙЛИКТИН СЫНООСУ, ТУУГАНДЫКТЫН ЫРООСУ


Президент К.Бакиевдин жакын адамдары тууралуу калк арасында аркыл кеп-сөздөр, миш-миштер айтылат. «Матрешка» чатагынан кийин коомчулукта бул маселе өзгөчө кызыгууну жаратып, аркыл пикирлерди жаратууда. Президент комиссялардын иши жыйынтыкталып, талаштуу маселе такталган соң туугандыгына карабастан, эгер чатакка тиешеси болсо, инисине каршы чара колдоно тургандыгын эскертти.

Цивилизациялуу өлкөдө мамлекет жетекчиси, анын жакындары коомчулуктун такай көзөмөлүндө болот. Алардын аракет-кыймылы, сүйлөгөн сөзү, жүрүш-турушу маалымдоо каражаттарынан түшпөй, калк арасында такай талкууланып турат.

Социалисттик доордун соңку патриархы Абсамат Масалиев Кыргызстан компартиясын башкарып турган кезинде райондук гезитти жетектеген бир тууган иниси райондук партия комитетине жооптуу кызматка көтөрүлгөнүнө каршы чыгып, мурдагы ишинде калтырып койгонун замандаштары эскерип калышат. Жаалы катуу коммунисттик өкүмзор бийлик тушунда партиялык этикага анча коошо бербеген алдагыдай маселелер кылдат көзөмөлдө турчу.

Эгемендиктин онбеш жылдык кыска тарыхында Кыргызстан «үйбүлөлүк башкаруу» тажрыйбасын башынан кечирди. Анын аягы парламенттик шайлоодогу оңбогондой көз будамайлоолор, калк нааразылыгы, ыңкылап менен жыйынтыкталды.

Жалпы элдик шардана менен бийликке келген Курманбек Бакиев ыңкылаптын эртеси – 25-мартта «Алатоо» аянтында эл алдында үй-бүлөсүн мамлекеттик иштерге кийлигиштирбесин, дегеле жакын адамдарын колдоп-жөлөп чоң кызматтарга аралаштырбасын айтып, көпчүлүктүн дуулдаган колдоосуна ээ болгон.

Андан берки бир жарым жыл ичинде К.Бакиевдин кичүү уулу чет жерде ишкердик кылып жүргөнү, анын бизнесине тийиштиги бар Англияда баш калалап жүргөн орусиялык олигарх Борис Березовскийдин тымызын Кыргызстанга келип кеткени тууралуу уу-дуу кептер, бир инисинин Германияга элчи, экинчисинин Кытайга соода маселелери боюнча кеңешчи болуп дайындалганы көпчүлүктүн көз алдында өттү.

Анан да президентке түздөн-түз баш ийген коопсуздук кызмат жетекчисинин биринчи орунбасары болуп иштеп келген Жаныбек Бакиевдин артынан чоң чууну ээрчитип, кызматын таштоого мажбур болушу биртуугандар маселесин этикадан саясий проблемага алып чыкты. «Матрешка» чатагы чыңалып турганын көргөн президент К.Бакиев депутаттар алдында бир туугандар маселесин момундайча түшүндүрдү.

- Ал боюнча да сөздөр. “Аякка аралашып жатат. Буякка аралашып жатат!” Жок, кичинекей бир соода-сатык менен жүргөн бизнеси бар. Бу кызматка келгенде мен бир туугандарыма айткам: «Эми, туугандар, момундай болду». Кадыржан Батыров, күлбөй эле коюңуз. Билем, абдан жакшы билебиз кантип иштеп жатканыңызды, жакшы билебиз. Ошондуктан башыңызды чайкап эме кыла бербеңиз. Ошондуктан, урматтуу депутаттар, туура түшүнгүлө. Мен кичине эмоцияга алдырбайын деп жатам. Бирок баарыңардын бир туугандарыңар, үй-бүлөңүздөр бар. Анан мен баарын чогултуп алып, же мамлекеттик кызматта иштесе болбойт. Же бизнеске болбойт, интересно.

Мамлекеттин коопсуздук кызматын башкарып келаткан биртууган инисинин чатактуу ишке чалынып калышы азыркы бийлик каршылаштарына кадыресе саясий жүйөө, Жаныбек Бакиевди кызматка коюу сунушун көтөрүп чыккан өкмөт башчы менен жарлыкка кол койгон өлкө башчысынын кадыр-баркына шек келтирген осол окуя болгону турат. Парламент депутаты Азимбек Бекназаровдун ырасташынча, революция маалында К.Бакиевге арка-жөлөк болчу күчтүү пикирлештери бар эле. Азыр алардын президентке таасири жок. К.Бакиевдин ишенимдүү акыл кошчулары ушу тапта үй-бүлөсү менен инилери. Бу азгырмалуу саясий оюндан боюн оолак тутканы Каныбек Бакиев, президенттин айылда жашап жаткан иниси гана, дейт А.Бекназаров.

- Президенттин кайсы жакын адамы саясатка, бийликке кийлигишпей жатат деп ойлойсуз?

- Мен ойлойм, Каныбек деген иниси бар. Айыл өкмөт болуп иштеп жүрөт. Менин оюмча, ошол киши аралашпай жүрөт. Калган бир туугандарынын баары эле аралашып жатат.

- Келинчегичи?

- Келинчеги саясатка мындай аралашпаганы менен балдарынын кызыкчылыгы үчүн көп жерлерде аралашып койгону бар. Президентке таасирин тийгизип койгон жери бар. Президенттин кемчилиги - өзүнүн командасына ишенбей, өзүнүн үй-бүлөсүнө ишенгендиги. Азыр бүгүнкү күндө жалаң эле анын үй-бүлөсү болуп калбадыбы. Азыр анын айланасында командасы жок. Жаңы ыңкылап болгондо анын жанында күчтүү командасы бар эле. Күчтүү команда турганда 6 айга чейин элде ишеним болуп келди. «А, булар минтип иштеп жатат. Мынакей, булар иштейт», деп келди. Анан алты айдан кийин ал командасын талкалоого киришти. Бүгүнкү күндө анын командасы жок. Бул анын кемчилиги. Үйүндө деле анын үйңбүлөсү, ага туугандары, бир туугандары толук бир команда дегенге менин шегим бар. Үйүндө да бир-эки топ бар.

Кыргызстан патриоттор партиясынын жетекчиси Назарбек Нышанов Кыргызстанда көп эле ага-ини, биртуугандар жооптуу кызматтарда иштеп жатышат дейт. Кесиптик камылгасы, иш тажрыйбасы жетиштүү болсо эмнеликтен кайсы бир татыктуу адис жакын адамы эң жогорку жооптуу кызматта отурат деп иштебей калышы керек? Н.Нышанов Бакиевдер мамлекеттик жогорку кызматтарда иштөөгө татыктуу инсандар деген пикирде.

- Президенттин үй-бүлөсү жооптуу кызматта иштебеш керек, десек бир жактуу болуп калат. Азыр бир үй-бүлөдөн беш-алты, ондон мыкты маалыматтуу болуп чыккандар көп. Бир үй-бүлөдөн эки-үчтөн илим доктору, профессор болуп иштеп аткандар бар. Бир үй-бүлөдөн ири ишканаларды, облус, райондорду жетектегендер бар.

Өлкө башчысынын өзгөчө тууганчылыгы акыры келип анын өзүнө таяк болуп тиери А.Акаевдин тажрыйбасынан таасын көрүнгөн. Депутат Темир Сариев азыркы бийлик андан олуттуу сабак алалбаптыр деген пикирде. Антпесе, жогорку кызмат тепкичинде турбаса үй-тиричилиги өтпөй калчудан бетер, бала-чака, турмуш-тиричилик проблемасын өлкө башчысы чоң жыйын алдында ачыкка чыгарат беле. Т.Сариевдин ырасташынча, мамлекет ишине үй-бүлөсүн аралаштырып ийүүнүн азабын А.Акаев жетишерлик тарткандай болгон. Өңгөсүнөн да, анын карабашын калкалап өлкөсүнөн качып чыгышынын чоң сабак болор жөнү бар.

- Эски бийлик алмашканда чоң сын айтылган. А.Акаев жакын адамдарына башкартып, аялынын сөзүнө кирип кетип, балдарынын айтканынан чыга албай калды, ошондуктан ал кыйынчылыкка алып келди. Акыркы убакта анын саясаты эл тарабынан кабылданбай калды, деп айтып жүрүшөт. Бүгүнкү жаңы бийлик ошону сындап, бул туура эмес, биз андай кылбайбыз, деп айтып келишкен. Тилекке каршы, К.Бакиев президент болгондон кийин ушул сөздөр улана баштады. Уланмак тургай президент өзүнүн бир тууганын алып барып коопсуздук кызмат жетекчисине биринчи орунбасар кылып, бир инисин жооптуу, акчалуу жерге элчи кылып, дагы бир инисин Кытайга соода-сатык боюнча элчиликке кеңешчи кылып жиберди,- дейт Темир Сариев.

Президент өзгөчө ынтаа менен белгилеп жаткан кызмат, үй-бүлө багуу абыгерчилиги, мамлекет башчысынын жакын адамы болобу же андай эмеспи, ага көз каранды эмес. Негизи адам укугунун сакталышы маанилүү, дейт «Кайран эл» партиясынын жетекчиси Курманбек Турумбеков. Бул жерде кеп иш тууралуу эмес, президенттин жакын адамдарынын мамлекеттик ишке кийлигишүүсүнө байланыштуу чыгууда.

- Президенттин бир туугандары, бала-бакырасы, бардыгы иштеш керек. Алар дагы үй-бүлөсүн багыш керек. Бирок сөз бул жерде иш тууралуу болгон жок. Бул жерде алардын мамлекеттин ишине кийлигишпеси тууралуу сөз болуп жатат. Өзүнүн ишин жасап, мамлекеттин ишине кийлигишпей жүрө берсе, анда эч кандай сөз болбойт. Иштесин. Бирок ошол бир туугандын атын сатып, мамлекеттик ишке, башка ишке кийлигишпесин деген сөз болуш керек,- дейт К.Турумбеков.

Президенттин бир туугандары, жергиликтүү бийлик жетекчилери кийлигишүү болбогонун, кимдир бирөөлөрдүн кызматка дайындалышы мыйзам чегинде, кесиптик талап-шарттардын негизинде жүргүзүлүп келатканын айтышат.

Президент Курманбек Бакиевдин бир туугандарынын облустун турмушуна кийлигишүүсү тууралуу "Азаттыктын" кабарчысы жүргүзгөн сурамжылоодо жалалабаттыктардын пикирлери ар түрдүү болду. Базаркоргон районунан Бакыт Сөлпиев Бакиевдердин үй-бүлөсү депутат Ө.Текебаевдин кийим-кече баштыгына маңзат салуу менен бийлик чөйрөсүндө таасирдүү экенин жана өлкө дагыле экс-президент Аскар Акаевдин мезгилиндеги коррупция, жердешчилик саркындыларынан кутулалбай, жетиштүү өзгөрүү бололектигин байкаган.

Облустагы жаштар укугун коргоо уюмунун юристи Өткүр Жапаровдун көз карашы боюнча, президенттин Жалалабаттагы иниси Акмат Бакиевдин бир нече тармактын иштерине кийлигишери сезилип турат.

Бөдөн кызы Үрниса Жалалабатта башталган март ыңкылабына катышкандардын бири. Анын оюнда ыңкылаптын максаттары ишке ашпай, турмуш мурдагы калыбынан жазган жок. Элдик байлыкты талап-тоноого катышы бар, калаймандын ишенимине толбогон адамдар Бакиевдин туугандарын жандай жүрүп, жергиликтүү бийликти ээледи. Президенттин туугандарынын жер басып алуучуларга тымызын көрсөтмө бергени баамдалып турат.

Буга дейре депутат Кадыржан Батыров парламентте «облбийлик ишине кийлигишет» деп президенттин тууганын сындаганы бар. Мамлекет башчынын иниси Акмат Бакиев мындай айыптоолорду четке какты. Ал жер басып алууга жана бийлик иштерине аралашуусу жөнүндөгү каңшаар кептерди президент менен анын ага-туугандарын көрө албай жүргөндөрдүн чыгарган ушагы экенин туюнтту.

Бийлик өкүлдөрүнүн тутунган так багыты болуусу зарыл. Губернатор Искендер Айдаралиев «Азаттыктын» суроосуна Жогорку Кенеште Кадыржан Батыров негизсиз сүйлөгөнүн, бирөөнүн көрсөтмөсү менен иштөөгө мурдатан эле көнбөгөндүгүн айткан.

Эмгек ардагери Айчүрөк Кыдыралиева Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруусу сезилбейт деген оюн билдирди.

Ал эми Жаныбек Бакиевдин «матрешка» чатагына тиешеси бар-жоктугун сот аныктайт. «Трибуна» гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаковдун ырасташынча, сот чечими чыкканча бул ишке кимдин түздөн-түз, кимдин кыйыр тиешеси бардыгын айтып, кине коюш туура эмес.

- Азыр комиссия ишин аягына чыгармайын, ал айтты, ал жасады, деп айтууга эч кимдин акысы да жок.

«Матрешка» чатагынан кийин көп козголчу болгон президенттин жакын адамдарынын жооптуу кызматтарга дайындалышы жөнүндө бишкектиктердин да пикирин "Азаттыктын" кабарчысы сурап чыкты.

Сурамжыланган адамдардын көбү бул боюнча туура пикирде, калгандары караманча каршы пикирде. Маселен, атын атагысы келбеген мырза президенттин жакын адамдарынын чоң кызматта иштешине каршымын дейт. «Мен каршымын. Ак көйнөк кетсе, көк көйнөк келгендей эле болуп жатпайбы. Үй-бүлөсүн багыш үчүн сөзсүз эле чоң кызматта иштеши керек эмес. Булар чоң-чоң кызматта иштегиси келип жатпайбы».

Ал эми өзүн Жаркын деп тааныштырган айым президенттин жакындары өздөрүн саясатка аралаштырбай, башка тармактарда иштей берсе болот, деген ойдо. Пенсионер Обозбек аксакал президент дагыле эскиче иштеп, өзүнүн туугандарын чоң кызматка коюшу туура эмес деген пикирде. Күзөт кызматчысы президенттин жакын туугандары деле жооптуу кызматта иштешке акылуу дейт. Анын оюнча, тажрыйбасы, билими, жөндөм-шыгы жетиштүү болсо аларды эмне үчүн мамлекеттик кызматта пайдаланууга болбосун.

Конституциялык реформанын уламдан-улам артка жылдырылып, кечеңдеши жаңы президенттик долбоордун жазылышына алып келди. «Матрешка» чатагынан тутанган саясий тиреш Бакиев-Кулов тандемин кызматтан кетирүү талабына такалды. Коомчулукта мамлекеттик кызмат адамдарынын иш-аракетин такай көзөмөлгө алып турмайын мындай чатактар көп чыгары турулуу иш.

Бекташ Шамшиев, Бишкек (Ырысбай Абдраимов, Жалалабат, Айжан Шаботоева, Бишкек)

XS
SM
MD
LG