Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

ЧЕЧЕНСТАН БИЙЛИГИНИН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ


Нарын АЙЫП, Прага Чеченстандын премьер-министри Рамзан Кадыров 5-октябрда отузга толду. Чечен конституциясы боюнча, жумурияттын президенти болуп анын жараны отузга чыккандан кийин гана шайлана алат, ошондуктан айрым байкоочулар - эми Рамзан президенттик кызмат үчүн күрөшөт деген пикир айтууда. Премьер өзү болсо - менде андай ниет азырынча жок деп билдирүүдө.

Туулган күнүндө Рамзан Кадыров 5-октябрда журналисттер менен жолугуп, президенттик кызмат үчүн күрөшүүгө анын азырынча эч кандай ниети жок экенин билдирди. Анын айтымында, жумурияттын шайланган президенти бар жана анын кызмат мөөнөтү аяктамайынча, президентти алмаштыруу боюнча эч кандай аракеттер көрүлбөш керек.

Анткен менен президент Алу Алханов жана премьер Рамзан Кадыров ортосундагы мамилелер бир топ начар экени да белгилүү. Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Рамзандын жигиттери президенттин сакчыларына куралдуу кол салуу да жасаган жана ал окуядан кийин эки жетекчи тең Маскөөгө чакырылып, Кремилде президент Владимир Путин менен жолугушууга аргасыз болгон.

Рамзанды колдогон чечен парламенти болсо үстүбүздөгү жылы Маскөөгө кайрылып, Чеченстандын конституциясын өзгөртүүнү да сураган. Депутаттардын пикиринде, конституцияда жазылган премьердин укуктары азыркыдан алда канча кеңири болууга тийиш.

Аны менен катар Рамзанды бандит жана баш кесер деп атагандар да көп. Укук коргоочулардын айтымында, Чеченстандын аймагында көптөгөн жашыруун зиндан-түрмөлөр бар жана аларда кармалган адамдарды Рамзан кээде өз колу менен кыйнайт. Айрым маалыматтар боюнча, мурдагы президент Аслан Масхадовду дагы Рамзандын жигиттери алдап колго түшүрүп, өлтүрүп салган. Андан тышкары, Рамзан чечендерге өзүнчө салык да салып таштаган жана ар бир айлыгынан алар Рамзандын атасы Ахмат Кадыровдун атынан аталган фондко ай сайын акча төгүп турууга милдеттүү. Ал акчадан Рамзан - мектептерди оңдотуп, карыларга жардам берип турат.

Жакында болсо Рамзандын жигиттери кошуна Ингушетияга кирип барып, бир адамды кармап кеткен. Ингуш полициясы аларга каршылык көрсөткөндө, жигиттер ок атканга чейин барган жана сегиз адам курман болгон. Окуядан кийин Путиндин Кавказ аймагы боюнча өкүлү Дмитрий Козак чечен менен ингуш президенттерин жана Рамзан Кадыровду атайын жыйынга чакырып, башка андай окуя болбош керек деп катуу билдирген.

Маскөөдөгү Карнеги борборунун эксперти Алексей Малашенконун айтымында, Рамзандын мындай аракеттери акыркы мезгилде Маскөөгө көп жакпай баратат: "Рамзандын тартип орнотуу боюнча жасаган иштерине Маскөө, албетте, ыраазы. Бирок анын бийликке умтулганын көп жактырбайт. Макөөдөгү жетекчилер арасында ага каршы чыккандар арбын жана алар азыр Алхановду колдой баштады. Алхановдун Маскөөгө карата мамилеси Рамзандыкындай эле, бирок ал орус коомунда өзүн кантип алып жүрүүнү жакшы билет. Ички иштер министрлиги жана башкалар менен анын мамилеси жакшы. Рамзан сыяктуу, ал күтүүсүздөн аша чапкан бир нерсе жасап жибербейт", - дейт Малашенко.

Бирок Рамзандын мындай абалга жеткенине Маскөө өзү жол салып берген. 2004-жылдын 9-май күнү президент Ахмат Кадыров өлтүрүлгөндө, Путин өзү Грозный шаарына учуп келип, Рамзанга көңүл айткан. Ошол эле жылдын декабрында Путин Рамзанга Орусия баатыры деген наам берген, үстүбүздөгү жылдын мартында болсо Рамзан премьер-министр болду. Президенттин мындай колдоосун көргөн Орусиянын Жаратылыш илимдер академиясы былтыр декабрда - илимге эч тийешеси жок Рамзанды ардактуу академик кылып шайлап алды.

XS
SM
MD
LG