Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

ООГАНСТАНДАГЫ БАГРАМ АСКЕРИЙ БАЗАСЫНДА КӨПТӨГӨН КҮНӨӨСҮЗ АДАМ КАРМАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Террорчулуктан шектелип, Ооганстандын борбору Кабул шаарынын алдындагы Баграм аскерий базасында кармалган беш жүзгө жакын адамдын айрымдарына бир нече жылдан бери эч кандай расми күнөө коюла элек. Укук коргоочулардын айтымында, алардын көпчүлүгү жөн гана жалган маалымат менен кармалгандар.

2001-жылы Талибан кыймылын Ооганстандагы бийликтен кулаткандан кийин, америкалыктар Баграм аскерий базасына - террорчулуктан шектелип кармалгандары чогулткан. Айрым андай адамдар Куба аралындагы Гуантанамо базасына да алып келинген жана укук коргоочулардын көңүлү негизинен ошол базадагы туткундарга бурулуп келген. Бирок Баграм туткундарынын абалы андан жакшы эмес.

Ооганстандын Улуттук мунаса комиссиясынын төрагасы Себгатулла Мужадидинин айтымында, жакында америкалык жана ооган бийлик өкүлдөрү алардын тагдыры тууралуу атайын сүйлөшүү жүргүзөт: "Биз Баграмга кайрадан өз адамдарыбызды жиберип жатабыз. Алар туткундардын кагаздарын текшерип чыгууга уруксат алат. Кимде ким күнөөсүз деп табылса, алар бошотулуш керек", - дейт Мужадиди. Анын айтымында, базада 462 күнөөсүз адам кармалып жатат.

Лондон шаарындагы "Жейнс" изилдөө борборунун кабарчысы Рахул Бединин айтымында, туткундардын көпчүлүгү жалган жалаа менен кармалган: "Оогандар абдан митаам адамдар. Ошондуктан, менин билишимче, жергиликтүү турмушту, тилди жана маданиятты көп жакшы түшүнбөгөн батыштыктарды алдаш алар үчүн өтө оңой. Ошол себептен эски кеги бар адамдарга алар жалаа жаап, карматып салган. Абдан көп ошондой камактар болуп жатат", - дейт Беди.

АКШ жетекчилиги азыр - андай туткундарды кантип суракка алуу керек жана башка ошол сыяктуу жаңы мыйзам долбоорлорун даярдап жатат жана Нью-Йорк шаарындагы "Хюман райтс вотч" уюмунун эксперти Сам Зиа Зарифинин айтымында, эгер ал мыйзамдар кабыл алынса, туткундардын абалы ого бетер начарлайт: "Баграмда жана башка абактарда кармалгандар - алардын иштерин сотко жиберүү боюнча укуктарынан айрылат. Ошондуктан алар эч кандай расми күнөө коюлбастан белгисиз мөөнөткө кармалып жата бериши мүмкүн. Баграмда кармалган оогандыктар алардын эмне үчүн кармалганына каршы арыз берүү укугунан айрылат", - дейт Зарифи.

Баграм базасында бир жылга жакын камалып чыккан Аманулла деген адам - эмне үчүн кармалганын эмгиче түшүнбөйт: "Мен айтаар элем - мен эмне үчүн мынчалык узак мөөнөткө камакта жатканым тууралуу ооган жетекчилери америкалыктардан сураса. Менин күнөөм эмнеде болгонун алар мага айтыш керек. Күнөөм жок болсо, мени карматып бергендер жоопко тартылыш керек. Советтер кол салганда, мен аларга каршы согушкам. Менин душманым коммунисттер болгон. Эми болсо мага жеке кек санаган адамдар душман болуп чыгууда", - дейт 56 жаштагы Аманулла.

XS
SM
MD
LG