Мындай жыйын аркылуу жаштар өз проблемаларын коомчулук менен бирге талкуулоону көздөөдө. ЕККУ менен БУУ долбоорунун чегинде өтө турган бул иш чарага өкмөттүн, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылды. Конференцияны билим, илим жана жаштар саясаты боюнча министр Досбол Нур уулу менен БУУнун Өнүктүрүү программасынын туруктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Сезин Сизаноглу ачмакчы.
8:00 Бишкекте бүгүн мамлекеттин жаштар саясатын калыптоо маселелерине арналган жыйын өтөт