Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

ПРЕЗИДЕНТ К.БАКИЕВДИН БАЛАСЫ 140 МИҢ ДОЛЛАРЛЫК МАШИНА САТЫП АЛДЫБЫ?


«Кыргыз руху» ушундай маалымат жарыялады. Кыргызстандын улуттук коопсуздук кызматы төрагасынын жардамчысы болуп иштеп келаткан президенттин уулу Марат Курманбекович 140 миң долларлык «ВМВ» маркасындагы автомашина сатып алганын, анан орточо айлыгы 6 миң сом болгон бул кызматта президенттин уулу ушул убакка чейин башы менен жер казса да мынча акча чогулталбайт эле…деп таң калды.

Гезит андан ары Акүйдөгү кадр маселесине токтолуп, Мирослав Ниязов менен Бузурманкул Табалдиевдин жакындагы отставкалары күчтүү кадрлардын президент менен биргелешип иштөөнү кааалабай калгандыгынын белгиси деп жазды.

«Белый пароход» гезити ЖК депутаты Искак Масалиев менен маегин жарыялады. Гезиттин «бүгүнкү оппозициянын тагдыры тууралуу эмне айтар элеңиз?» деген суроосуна депутат:
"Менин терең ишенимимде Кыргызстанда азыр чыныгы оппозиция чыга элек. Ырас президенттин бийлигине нааразы болгондор, өткөндөгү революциянын айынан материалдык байлыгынан ажырап калгандар бар. Бирок жалгыз бир идеологияны максат кылган оппозиция тууралуу сөз кылыш али эрте",-деп жооп берди.

Ушул эле гезит президент К.Бакиевдин Өзбекстанга барып келген ырасмий иш сапарына арнаган макала басып, ырас иш-сапарды болгондугу факт, бирок ал күткөн натыйжаны берген жок, эгер чындап алганда бул иш сапардан эч ким эч нерсени күткөн да эмес, натыйжасы да так ушундай болду деп жазды.

Канча жылдан бери талаш-тартыштын уюлуна айланып келаткан чегара маселеси тууралуу олуттуу сөз жүрүшү керек эле, буга караганда Үзөнгү-Куушту Кытайга кармата берген ошол тарап менен чегара маселеси «оңой жана ийкемдүү» талкууланат дейт «Белый пароход».

«Эркин Тоо» гезити белгилүү саясатчы Медеткан Шеримкулов менен түз байланыш уюштурган. Дасыккан саясатчы, өлкөдөгү бүгүнкү саясый кырдаалга оюн билдирип, парламент трибунасынан президенттин, өкмөттүн дарегине айтылып аткан сын-пикирлер мыйзам ченемдүү көрүнүш, биз ошондой сын-пикир укканга көнүшүбүз керек, эгер президент парламентти таратканга бара турган болсо республикадагы туруктуулук бузулат дейт.

Ал эми талашка түшүп келаткан башкаруу формасына токтолгон М.Шеримкулов, азырынча Кыргызстанга президенттик башкаруу ылайык келет деген пикирин билдирет.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG