Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА ЖАҢЫ КОНЦЕРТИН ТАРТУУЛАЙТ


Көрүнүктүү эстрада ырчысы Айчүрөк Иманалиева 6-октябрда өзүнүң жаңы ыр альбомун элге алып чыгат. Ал жаңы өнөр программасын тартуулаштын алдында «Азаттыктын» кабарчысына кезигип, өзүнүн чыгармачылыгы жөнүндө ой бөлүштү.



-Айчүрөк айтсаныз ырчылардын көпчүлүгү концерттерин спорт ордосунда же филармонияда беришет, а сиз эмне себептен цирктин имаратын тандадыңыз?

-Мага цирктин ичи аябай жагат. Мен чоң сахнага болгон кадамымды ушул цирктен баштадым десем жанылышпайм. Ошондой эле ал жерде мүмкүнчүлүктөр аябай көп, мисалы спорт сарайынын же филармониянын сахнасына аттарды, арабаларды алып чыга албайсың. Андыктан жөн эле концерт эмес, ошол ырлардын арасында аттар менен, селкинчектер менен кызыктуу нерселерди ойло таап, кечени өткөрсөк деп турабыз.

-Демек концертти цирк өнөрпоздору да коштойт турбайбы?

-Цирктин артистеринин көпчүлүгү чет мамлекеттерде жүрүшүптүр, калган артистери менен ушундай концерт кылып көрөлүчү деп баштаганы турабыз.

- Кечеге дагы кайсыл ырчылар катышат?

-Бул концертке улуу муундун да, орто муундун ырчыларын жана жаштарды аралаштырдык. Башкача айтканда Токтонаалы Сейталиев, Саламат Садыкова, Асель Турдалиева, жаштардан Сапар Сопубеков, Анжелика, Мирбек Иманбеков ошондой эле бий топтору катышат.

- Булар кандай сиз менен мамилеси жакшы болгон ырчыларбы же убактысы болуп, келип беребиз деген гана артистерби?

-Мен ырчылардын баары менен эле жакшы мамиле түзгөнгө аракет кылам, ошондой болсо дагы ар бир ырчынын жылдызы келишкен адамдары болот эмеспи. Анан жогоруда айтып өткөндөй улуу, орто жана кичүү муунду аралаштырып, өзгөчөрөөк концерт койсок деген эле ой.

-Мына ошол катыша турган ырчылардын концертте ырдай турган ырларын чакырган кишилер өзүңүздөр тандайсыздарбы же өздөрү каалаган эле чыгармасын аткарып коюшабы?




-Бизде эми ар кандай болот, өкмөттүк концерттерде өздөрү угуп көрүп анан концертке кошот кээ бирде өзүбүз тандаган чыгарманы аткара беребиз. Ал эми мындай концерттерде эл артистерине же эмгек сиңирген артистерге сиз бул чыгармаңызды аткарышыңыз керек деп айта албайбыз, алар өздөрү ылайык көргөн ырларын ырдай беришет. Ал эми жаштарга болсо насаатыбызды айтуу менен бирге, чогуу кеңешип туруп, концерттин программасына киргизебиз.

-Өзүңүз концертке кандай жаны чыгармаларды даярдадыныз?

-Өзүм чыгарган «Тагдыр беле», «Жаңы жыл», аттуу ырларымды ырдайм. Эми бул концертте ырдалчу ырлардын жетимиш пайызы жаңы деп ишендире алам.

-Соңку убакта Айчүрөк Иманалиеваны Казакстанга иштегени чакырып жатыптыр деген сөздөр болуп жатат, мунун канчалык чындыгы бар?

-Казакстанга чакырып турушат, мен чын көңүлүм менен барып, ырдап берип, берген гонорарларын алып келем. Ал жакка Кыргызстандын атынан ырдап, конок болуп барып келгенди аябай жакшы көрөм. Жашым бир он алты, он жетиде болсо мындай чакырууларга макул болуп кете берет белем, бирок мен жыйрам жылдай кыргыз элиме кызмат өтөп, Кыргызстанда орун очок алып калган ырчымын да.

-Ал жакка барганда сөзсүз казакча ырлардан ырдайсызбы?

-Кичине жакшы көрүнүш үчүн албетте репертуарымдагы казакча ырлардан ырдап берем, бирок көбүнчө жалаң кыргызча чыгармаларымды аткарам.

-Бишкекте өткөн концерттен кийин Кыргызстандын дубандарына да гастролго чыгасызбы?

-Мурунку учурларда гастролдо аябай көп жүрчүбүз да анан адам чарчап калат экен. Көрөбүз го, эгер убакыт болуп калса Ошко, Таласка барып келебиз го.

-Кичинкей балаңыз менен да концерттерди коюп, гастролго чыгуу кыйынчылыкка турса керек?

- Сегиз айлык кызың менен кыйын эле экен. Бирок оокат кылыш, тыйын табыш оңой эмес да. Өзүм ушул кесипти тандап алган соң, таштап коюш мүмкүн эмес, ошондуктан кыйынчылыкка карабай болгон аракетимди жасап жатам.

-Жакын арада чет мамлекетке чыгуу оюңузда барбы?

-Чет мамлекетке чыкканды өзүм да сагындым. Албетте ойдо бар, эгер эл аралык сынактар өтүп. Чакыруу болуп калса барып келсем деген тилегим бар.

Айжан Шаботоева, Бишкек
XS
SM
MD
LG