Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:28

ДҮЙНӨЛҮК ТАЙМАШТАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК БАЛБАНДЫН ЖЕҢИШТЕРИ


2- октябрда Ташкент шаарында өткөн самбо күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын таймашууларына 23 өлкөнүн балбандары катышты. Мында кыргызстандык балбандар жалпы командалык эсепте үчүнчү орунду ээледи. Кыргызстандык жигиттер бир алтын, бир күмүш жана алты коло медаль тагынды.

Самбо күрөшү боюнча дүйнөлүк таймашка жыйырма үч өлкөнүн тандалган балбандары катышты. Жалпы командалык биринчиликти Орусия, экинчи орунду Өзбекстандын командасы ээледи. Кыргызстандык жигиттер үчүнчү орунду камсыз кылышты.

100 кг. салмактагы балбандардын күч сынашуусунда кыргызстандык Дмитрий Заболотныйга теңдеш чыкпады. Ал жеңиштин бийик секисине көтөрүлүп, алтын медаль тагынып, дүйнө чемпиону аталды. Дмитрий кытайдын ушу чыгыш өнөрүнүн да чебери болуп эсептелет. Кыргызстандын намысын коргогон 62 кг. салмактагы Улан Эралиев күмүш байгелүү болсо, 74 кг салмакта Мирлан Азимбаев коло медаль тагынды. Ошондой эле 57 кг салмакта сокулуктук Чолпонбек Байтереков учүнчү орунду камсыз кылды. Ал кулатуу жана жеке кармаш өнөрү боюнча өлкөнүн көп жолку чемпиону.

Бул Ташкенттеги самбо боюнча дүйнө чемпионатында 35 жаштан 40 жашка чейинки ардагерлер да күч сынашты. Мында кыргызстандык Таалай Масабиров, Мурат Баймулдинов жана Марат Бексеитов коло байгелүү болушту. Ошондой эле 55 жаштан 60 жашка чейинки ардагерлердин мелдешинде кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетинин дене тарбия кафедра башчысы Абакир Рысов үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

Кыргызстандын самбо күрөшүнүн тарыхында мындай ийгиликтер мурда болбогонун өлкөнүн самбо күрөш федерациясынын президенти Нурлан Токоноев белгиледи.

Кыргызстандын улук машыктыруучусу Артур Сондун айтымында 9-октябрда Москвада өтө турган уландар арасындагы дүйнө биринчилигине 10 спортчу барат. Ал эми 9-ноябрда Софьяда өтө турган дүйнө чемпионатына кыргыз спорчуларын жиберүү үчүн каражат караштырылууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG