БИШКЕК. Корея элдик-демократиялык республикасынын өзөктүк курал сыноосун өткөрүү ниетине 6-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тынчсыздангандыгын билдирди. Анда Кыргызстан тынчтык жана дипломатиялык мамилелер аркылуу Корея жарым аралында өзөктүү куралсыз аймак түзүү боюнча эл аралык коомчулуктун аракетин колдой тургандыгын баса белгилеген. Тышкы иштер министрлиги учурдагы түзүлгөн проблеманы сүйлөшүүлөрдүн алкагында чечсе, аймактын коопсуздугун камсыз кылууга болот деп эсептейт.