БИШКЕК. 11-октябрда басма сөз эркиндигине бийлик тарабынан басым жасалып, кысым көрсөтүлгөндүгүнө жана “Пирамида” телерадиокомпаниясынын айланасындагы маселелерге байланыштуу Бишкекте пикет уюштурулат. Бул тууралуу “Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү Болот Байгожоев бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик телерадиокомпаниясына оппозиция өкүлдөрүн эфирге чыгаруу, окуяларды эки тараптуу калыс чагылдыруу талабы коюлат.