БИШКЕК. Бүгүн “Реформа үчүн” кыймылы кеңейтилген жыйын өткөрдү. Анда 2-ноябрда өтүүчү мөөнөтсүз митингде козголуучу, аталган кыймылдын буга чейин өткөргөн үч курултайындагы талаптардын аткарылышы, конституциялык реформа, кадр саясаты, түндүк-түштүк маселеси талкууланды. Ошондой эле 12-октябрда өтүүчү жалпы улуттук форумдун уюштуруу маселелери каралды. Бул тууралуу “Демократия үчүн жарандык коом” коалициясынан Жыргалбек Турдукожоев “Азаттыкка” билдирди.