Каземейни Борожердини жактаган жүздөгөн киши анын үйүн курчаган көчөлөрдө чогулушуп, "дин эркиндигинин" бузулуп жаткандыгын айыпташты. Алар Фарда радиосуна Аятолла Борожердинин камакка алынышына жол бербөө үчүн келишкенин айтышты. Борожерди динди саясатка кошпоону туура деп эсептегени үчүн куугунтукка кабылганын айткан эле.