Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

КЫРГЫЗДАР ЖЕҢИЛ АТЛЕТИКАГА КӨП КӨҢҮЛ БУРУШБАЙТ


8- октябрда Бишкектеги “Спартак” стадионунда жеңил атлетика боюнча өспүрүмдөр арасында эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Мында келечегинен көптү үмүттөндүргөн Казакстан, Тажикстан жана Кыргызстандын 200дөн ашуун жеңил атлетчилери мөрөй талашты.

Бишкектеги эл аралык мелдешке катышуу үчүн Өзбекстан менен Түркмөнстандын жеңил атлетика федерациясына чакыруу жөнөтүлгөн. Бирок, эки өлкөнүн жаш жеңил атлетчилерине убагында виза маселеси чечилбегендиктен турнирге катышпай калышты.

Казакстанда жеңил атлетиканын бардык түрүнө өзгөчө көңүл бурулгандыктан, дээрлик бардык байгелүү орундарды казакстандык жеңил атлетчилер ээледи.

15 жашка чейинки өспүрүмдөрдөн бийиктикке секирүүдө казакстандык Денис Соколов 1 метр 85 см. бийиктикти багындырып келечегинен үмүткөр кылды. Кыргызстандык Андрей Носаев коло байгелүү болду.

Диска, найза ыргытууда да казакстандык өспүрүмдөр баш байгенин ээси болушту. Ядро түртүүдө казакстандык Тимур Пулатов биринчи орунду камсыз кылды. Секирүүдө жана узундукка секирүүдө дагы кыздар жана балдар арасындагы таймашууларда казакстандык өспүрүмдөр айырмаланып баш байгелерди олжолоп кетишти.

Казакстандык шакирттеринин ийгилигине кубанган устаты Актан Мырзабаев мелдеш эл аралык талаптарга ылайык уюштурулганын, келечектеги чоң спорттун эшигин ачууга демөөр берээрин, балдардын чеберчилигинин жогорулашына өбөлгө болгонун белгиледи.

Кыргызстандык Марина Романова 300 метрге тоскоолдуктар аркылуу чуркоодо марага биринчи келип, алтын байгелүү болду. Ушул эле Марина 100 метрге жарышта да намыска жарап, атаандаштарынан алдыга озуп чыкты.

Өспүрүмдөрдүн 100 метрлик жарышында тажикстандык Игорь Хан баш байгени камсыз кылды. Ошондой эле 400 метрге чуркоодо тажикстандык Сироджин Саматов марага озуп биринчи келди. Кыргызстандык Бакыт Жолдошов коло байгелүү болду.

Талас районунун Аксай орто мектебинин директору Керимбек Өмүралиевдин айтымында айылда талантуу жөө күлүк балдар арбын. Райондук, облустук мелдештер өткөрүлбөгөндүктөн айылдык балдарга көңүл бурулбай келет. Ошондуктан өлкөдө жеңил атлетиканы жандандырууга аракетти айылдан баштоо зарыл. Айылдык жаштарга көңүл бурулуп, ушундай эл аралык мелдештерге чакырылып турса, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Сатымкул Жуманазаровдой, Айып Исаковдой, Анатай Ибраевдей, Мария Күлчүновадай мыкты спотчулар айылдан гана чыгышы ыктымал. Мелдешке катышкан эки жүздөн ашуун спортчунун 13 гана жергиликтүү улуттун өспүрүмдөрү болгону өкүнүчтүү.

Мелдешке катышып жаткан кыргыз улан- кыздары мындай чоң мелдешке алгачкы ирет катышып жатышкандыктан, ийгилик жарата албай өкүттө калганын жашырбады. Кыргыз жаштары жеңил атлетикага анча маани бербей, ден соолугуна деле көңүл бурбай жүрүшөөрүн, балдар күрөш, бокска артыкчылык берсе, кыздар жеңил атлетикага дээрлик катышпайт. Бул өкүнүчтүү жагдай, башка улуттун өкүлдөрү спорт чебери болуп таанылгандан кийин башка өлкөлөргө кетип калышат. Кыргызга кыргыз гана күйүп- бышаарын мелдештин катышуучулары айтышты.

Он беш жашында эле улан- кыздардын кимиси эмнеге шыктуу экени айкын болуп калаарын, ошондуктан жеңил атлетикага өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын, бул турнирди федерация өз күчү- каражаты менен уюштурганын өлкөнүн жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов белгиледи.

Эмдиги жылы ушул мелдешке Орусиянын, Кытайдын, Азербайжандын жана Борбор Азиянын 5 өлкөсүнүн жаш спортчулары катышаары макулдашылды.

Кабыл Макеш, Бишкек
XS
SM
MD
LG