Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

ПАКИСТАН БЫЛТЫРКЫ ЖЕР ТИТИРӨӨНҮН КУРМАНДЫКТАРЫН ЭСКЕРҮҮДӨ


Жекшембиде Пакистанда былтыркы жер титирөөнүнүн курмандыктарын эскеришти. Бир жыл илгери күчү 7 жарым баллдан ашкан зилзала 73 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен, 3 миллиондон көп киши үй-жайынан ажыраган. Силкинүүнүн очогу Индия менен Пакистан талашып келаткан Кашмир чөлкөмүндө орун алган. Эл аралык гуманитардык уюмдар 1 миллон 800 миңдей киши быйылкы кышты да убактылуу турак-жайларда өткөрүшөт деп ырасташууда.

Мектептер, ишканалар элге толгон маалда, эртең мененки саат 8:52де жер силкинген. Кыйраган имараттардын астында миңдеген адам калган.
Кашмирдин Пакистан көзөмөлдөгөн бөлүгүнүн административдик борбору Музаффарабад шаары урандыларга айланган.

Жекшембиде президент Первез Мушарраф, Музаффарабаддын тургундары курман болгондорду эскерип, бир мүнөткө унчукпай турушту.
Мушарраф эскерүү мемориалына гүл коюп, курман болгондордун арбайына таазим кылды.

Мамлекет башчы реконструкция иштеринин ири бөлүгү 3 жылдын ичинде бүткөрүлөт деп ишендирди:

-Ишиңерди мурдагыдай эле сабырдуулук, чечкиндүү, эрдик менен уланта бергиле. Эркин Кашмирдин бийликтери, Пакистандын куралдуу күчтөрү жана өкмөт сиздерди колдойт. Кудай буюрса, турмшуңар оңолот,-деди президент.

Мушарраф бүтүндөй айыл-кыштактар жер менен жексен болгон Кашмирдин тоолуу чөлкөмдөрүн тик учак менен кыдырып чыкты.

Баш калаа Исламабадда болсо зилзаладан 10 кабаттуу имарат кыйраган. Өлгөн 50 кишинин көпчүлүгү чет өлкөлүктөр болчу.

Ал эми Индияга караштуу аймакта зилзаладан 1 жарым миңдей адам өмүрүнөн ажырган. Бирок, жаратылыш кырсыгы Кашмир провинциясы боюнча талашты жөнгө салууга түрткү бере алган жок.

Бйылкы кышты да жүз миңдеген адам убактылуу турак-жайларда өткөрмөкчү. Оксфам эл аралык гуманитардык уюмунун маалыматына ылайык, 1,8 миллиондой киши үй-жайсыз кала берүүдө.
Бирок, Исламабад өкмөтү бул сан мындан төмөн деп талашууда.

Айнура Жекше кызы, Прага

XS
SM
MD
LG