Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

КИШИ КОЛДУУ БОЛГОН ЖУРНАЛИСТ ЧЕЧЕНСТАНДАГЫ КЫЙНООЛОРДУ ИЛИКТЕП АТКАН


Чолпон Орозобекова, Прага Орусияда дагы бир журналист киши колдуу болду. Эл аралык уюмдардын эсебине караганда, совет биримдиги ыдырагандан бери бул өлкөдө 42 журналист өлтүрүлдү. “Новая газетанын” редакциясы ошол күндөрү Анна Политковская Чеченстандагы зордук- зомбулук тууралуу журналисттик иликтөө жүргүзүп жүргөн деп ырастоодо.

Чечен темасын казып жазган атактуу журналист Анна Политковская өз үйүнүн босогосунан өлтүрүлдү. Андан эки күн мурда ал Эркин Европа/Азаттык радиосуна берген маегинде анын иш үстөлүндө Чеченстандагы кыйноолорду далилдеген сүрөттөр жатканын айткан:

"Менин үстөлүмдө азыр эки сүрөт жатат. Кадыровдун бийлиги астында бүгүн болуп жаткан жана кечээ болгон кыйноолор тууралуу иликтөө жүргүзүп атам. Бул белгисиз себептер менен уурдалган жана дайынсыз жок болгон адамдар," –деген Анна Политковская.

Ошондон эки күн өткөндөн кийин ал киши колдуу болуп отурат. Ал иштеп келген “Новая газетанын” жамааты болсо анын өлүмүн журналисттик ишмердиги менен түздөн түз байланыштырышат. Аталган гезиттин редакторунун орун басары Ярошевский мырза дал ошол кезде Анна Чеченстандагы кыйноолор боюнча иликтөөсүн аяктап калган дейт:

"Биз гезиттин дүйшөмбүдөгү санына макаласын күтүп атканбыз. Ал макаласын жазып бүткөн да болуш керек. Чеченстандагы кыйноолор тууралуу болмок",- дейт гезиттин редакторунун орун басары.

Орусия журналисттерге өч өлкөгө айланып баратат. Совет биримдиги ыдырагандан бери бул мамлекетте 42 журналист өлтүрүлдү. Анын он экиси Владимир Путин бийликке келгенден берки жылдары набыт болушту. Владимир Путин 7- октябрда туулган күнүн белгилеп жатып көп маселелерге токтолду, бирок Анна Политковскаянын өлүмү тууралуу ооз ачкан жок.

Бул окуяга эл аралык уюмдар тынчсыздануу билдиришүүдө. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму, "Чек арасыз репортерлор" уюму жана Нью-Йорктогу журналисттерди коргоо уюму да бушаймандыгын билдиришип, орус бийлигин тергөө иштерин тездетип кылмышкерлерди табууга чакырышты.
XS
SM
MD
LG