Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

УЛУУ КЕСИПТИН ЭЭЛЕРИНЕ УРМАТ- СЫЙ ЖЕТИШПЕЙТ


Кыргызстанда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган бир апталык салтанаттар аяктады. Жыйынтыктоочу чоң салтанат Бишкекте өткөрүлүп, алдыңкы мугалимдерге мамлекеттик сый-урмат көрсөтүлдү. Эгемендик жылдары агартуу тармагына мамлекет камкордугу азайып, жакшы көнүл бурулбай калгандыктан, башка кесипке, башка өлкөгө өтө качкан мугалимдер көбөйдү. Ошол себептүү мугалим тартыштыгы жалпы өлкө боюнча курч проблемага айланып, он жылдан бери чечилбей келатат.

Октябрдын биринчи жумасы кыргызстандык мугалимдер үчүн көнүл көкөлөткөн шаңдуу учур. Ушул айдын биринчи жекшембиси мугалимдердин кесиптик майрамы, ошондуктан, ай жаңырганда эле педагогдорду ата-энелер, окуучулар, тааныштар куттуктай башташат, алкаган жылуу сөздөрүн арнашат, белек-бечкек ыроолошот. Алдыңкы мугалимдер Бишкекке чакырылып, аларга мамлекеттик сыйлыктар, ардактуу наамдар ыйгарылат. Анча-мынча сый-урматка эле бөлөнгөн мугалимдер жылдап тарткан түйшүгүн унута түшүп, өздөрүн бактылуу сезип калышат. Бишкектеги мугалимдердин форумуна келген Жети-Өгүз районундагы Тамга орто мектебинин мугалими Самыева Тамарага ал дал ушундай бактылуу сезимдин кучагында турганда жолуктук.

«Кыргыз элим мага «агартуунун отличниги» деген наам берип сыйлап турат. Бул үчүн элиме бардык чыгармачылыгымды, аракетимди колдонгум келет»,- дейт Тамара Самыева.

Майрам күндөрү мугалимдердин сөзү шаңдуу, көнүлдүү чыккан менен калган убакта алардын көнүлүн чөгөргөн себептер көп. Алардын эмгек акысы башка кесиптерге караандабай калат, мурдагыдай отун-суудан мамлекет жардам бербей калган. Анысы аз келгенсип, Билим берүү кызматкерлеринин республикалык профсоюз уюмунун төрагасынын орун басары Чолпон Карыновдун айтымында, мугалимдердин таман акы маңдай тер менен тапкан эмгек акысы да так эсептелбей, өөнөлүп, кесиптик категориялары кечигип же туура эмес берилген фактылар көп кездешет.

Мугалим тартыштыгы Кыргызстанда көп жылдардан бери чечилбей курч турган маселе болуп саналат. Жалпы өлкө боюнча үч миңден ашуун мугалим жетишпейт, өзгөчө билим очокторунан жаш адистердин качып барбай жатышы кейиштүү көрүнүшкө айланды. Эмгек акынын аздыгынан, муалимдерге көрүлгөн шарт жакшырбай жаткандыктан башка кесипке, башка өлкөгө өтө качкан мугалимдер көбөйүүдө. Бир эле Токмок шаарынан 44 мугалим Казакстанга кетип калган. «Мугалимдерде мыйзамда каралган турмуш-тиричилик жеңилдиктери аткарылмайынча, алардын эмгек акысы татыктуу деңгээлге көтөрүлмөйүнчө агартуу тармагында реалдуу жылыштар болушу арсар»,- дейт Чүй областтык билим берүү башкармасынын башчысынын орун басары Бакыт Осмонов.

Билим берүү министрлиги жаш адистерди мектепке тартуу үчүн мындан эки жыл мурун Бүткүл дүйнөлүк банктын жардамы менен «Жаш мугалимдин депозити» программасын ишке ашырып баштаган. Бул программа боюнча эки жылдан бери үч жүз жаш адис сынак тартибинде мектепке тартылган. Келишим боюнча мамлекет эмгек акыдан сырткары үч жыл катары менен ай сайын алардын депозиттик эсебине эки миң сомдон салып турат. Быйыл ушундай эле программа боюнча өкмөт мектептерди алты жүз жаш мугалим менен толуктоо аракетин көрүп жатат.
XS
SM
MD
LG