Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

МАДАНИЙ ОКУЯЛАРДЫН АФИШАСЫ


Бул жумада белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов 20 жылдык чыгармачылык мааракесин өткөрөт. Концертке эстрада ырчылары Асель Турдалиева, Бек Борбиев, куудулдардан Рахман Разыков, Абдылда Иманкулов, Жамбыл Камчиев, Кубик Калыков жана башка ырчы-куудулдар катышат. Концерттин күнөкөрү Борончу Кудайбергеновдун билдиргенине караганда кеченин алдында ошондой эле анын чыгармачылыгын чагылдырган видеотасма көрсөтүлөт.

-Концерт саат жети жарымда башталат. Ага чейин жыйырма жыл ичинде чыгарган чыгармалардын кыскача үзүндүлөрүн көрсөтөм. Себеби дегенде концертим үч саат болот, биринчиден ал үч саатка баардык чыгармаларымды баатыра албайм, экинчиден азыр ойноп чыкпай турган тамашаларым бар. Мисалы балерина болуп ойноп чыкканым бар, Манас Бердибеков менен ойноп чыккандарым бар. Мына ошолордун баарын кыскартып, видеотасма жасаттым.

Бул концерт 14-15-октябрда Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Ушул эле программасы менен Борончу Кудайбергенов октябрь айынын соңунда Нарын өрөөнүнө жана түштүк жергесине гастролго чыгат.

Бул жумада улуттук филармониянын 70 жылдык мааракесине карата анын чыгармачыл жамааты жети дубанды кыдырган концерттик программасын баштайт. Филармониянын жетекчиси Керим Тураповдун билдиргенине караганда алгачкы концертти Токтогул районунунан башташат.

-Кудай буйруса он биринчи октябрда чыгып кетсек деп турабыз. Токтогул атындагы филармония болгондон кийин символикалуу түрдө Токтогул районунан баштайлы деп турабыз. Андан кийин ошондон нары концертибизди коюп кете беребиз.

Акындар, манасчылар, ырчылар жана бий өнөрпоздорунун бул концертине кирүү акысы бекер болмокчу.

Бул жумада "Учур" телетеатры театралдык сезонун ачат. Анын ачылышында Альбер Камюнунун чыгармасынын негизинде сахналаштырылган “Калигула” спектаклинин бет ачары болот. Бул спектаклде байыркы Римдеги бийлик талашуудагы көмүскө оюндар чагылдырылган.

Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде жүрүп жаткан “Дүйнө жүзүн үмүттөнүп карайлы” аттуу фото көргөзмө бул жумада да уланат. Аталган көргөзмөгө фотосүрөтчү Шайлоо Жекшенбаевдин Баткен облусунан тарткан фотосүрөттөрү коюлган.

Айжан Шаботоева, Бишкек

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG