Кабарчыбыздын президент Путиндин эскертүүсүн АКШ менен Еврошаркет лидерлери кандайча кабыл алышты деген суроосуна профессор Жеймс Миллар Кошмо Штаттар бул маселеде өтө этият болууга аракеттенип жатканын айтты. Бирок ошого карабастан АКШ Россиянын Грузияга курал менен басып кирүүсүнө даяр эмес, окуялардын андай нукка түшүүсүнө АКШ жол бербөөгө аракеттенет, деп билдирди.
"Еврошаркет бул жагдайда кандайдыр чечкиндүү роль ойноодон алыс, ал бул милдетти толугу менен АКШга жүктөп койгон шекилдүү. Еврошаркет Грузияга караганда Украинаны көбүрөөк колдойт. Ошондо да ал уюмдун кеңейип, мурдагы Советтер Союзунун республикаларын өз катарына кабыл алуусунан улам чыккан Россиянын ич күптүүлүгүн эстен чыгарып койо албайт. Анын үстүнө Еврошаркеттин кызыкчылыктары Грузиядан көрө Украинада күчтүүлүк кылат, ошон үчүн ал Россия-Грузия мамилелерине түздөн-түз кийлигишүүдөн алыс болууда. Менин пикиримде Грузиянын негизги коргоочусу АКШ",- деп айтты профессор.
Еврошаркеттин мындай турумун эмне менен түшүндүрөсүз, анын төркүнү АКШнын Ирак согушу менен байланыштуу болуп жүрбөсүн?-деген суроого профессор Миллар мындай жооп кайтарды.
"Андай болушу да ыктымал. Ошону менен бирге эле Грузия менен Россиянын ортосундагы мамилелердин начарлашына АКШ себеп болгон жок. Талаш-тартыштар Путинден келип чыгып жатканын Еврошаркет жакшы түшүнөт. Бирок Еврошаркеттин Россияга астейдил мамиле жасап жатканындыгынын себеби анын Россиянын энергоресурстарынан көз карандылыгында жатат. Башка энергоресурстарга ээ болмойунча Еврошаркеттин этият болгону болгон",- дейт профессор Миллар.
Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары