Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:42

КЫРГЫЗ ТАЙГАНДЫН ТУКУМУ ҮЗҮЛҮП БАРАТАТ


Кабыл Макешoв, Бишкек Kыргыздар тайганчылык өнөрдү байыртан барктап, муундан муунга мурастап, табын билип таптап, мергенчиликке салып келген. Учурда кыргыздын таза кандуу тайганынын тукуму азайып, бул өнөр колго алынбай баратат. Ушул маселеси тууралуу кабарчыбыз Кабыл Макеш өлкөнүн тайганчылар ассоциациясынын жетекчиси Алмаз Курманкулов менен маектешкен.

-Алмаз мырза, тайгандын канча түрү бар?

-Жалпысынан дүйнөдө тайгандын белгилүү болгон 16 түрү бар. Башка булактарда жыйырмадан ашуун тайгандын түрү бар деп айтып жүрүшөт. Тайган- казактын тазы, орус тайганы, польшалык хорты, англиялык грейгаунд, ирландиялык бөрү басар, фараон тайганы аталган фенель талибь кебек, ооган тайганы жана башка түрлөрү адистердин көңүлүн буруп келет. Кыргызстанда таза кандуу тайган табыш кыйын болуп калды. Аргындашкан тайгандан мен билгени элүүдөн ашыгы гана бар.

Тайганчылыкты 18 жылдан бери адистик кылып алып, санжырасынан баштап, түп- теги, узун- туурасы, салмагы, тукумуна чейин иликтеген биринчи категориядагы тайганчымын. Ошондуктан кыргыз тайганынын тукуму үзүлүп баратканын эң негизги көйгөй катары айтып, аны сактап калууну максат кылып иштеп жүрөм.

-Алмаз мырза, кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары тууралуу айтып берсеңиз?

- Кыргыз тайганынын 67 ченеми бар. Учурда дүйнө жүзүндө таза кандуу асыл тукум кыргыз тайганынын 120сы гана катталган. Анын ичинде Кыргыз жергесинде 60ка жакыны гана калган. Эстонияда- 24, Финляндияда -3, Орусияда 20дай таза кандуу кыргыз тайгандары багылып, кармалып турат. Ал эми 1500дөй тайган кыргыз тайганы менен каны аралашып, аргындашкан түрү катары катталган. Кыргыз тайганынын тукумун сактап калуу зарыл. Себеби, биздин тайгандар тоо- ташта, түздө, токойдо болобу ылдамдыгы, чапчаңдыгы, шамдагайлыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы, кайраттулугу, көк жал жүрөктүүлүгү менен кескин айырмаланып келген. Башка түрдөгү тайгандар бир жолу аңчылыкка чыгып келгенден кийин жүрбөй чарчап калат. Ал эми кыргыз тайганы күн сайын табында болуп, 7-8 күн удаасы менен чаалыкпай ууга чыга берет. Кыргыз тайганы карышкырга тайманбай каршы туруп, алып тынат.

Анан дагы бир өзгөчөлүгү кыргыздын тайганы гана из кууп, жыт искеп, аң уулайт. Башка тайгандар из куубайт. Көз алдындагы олжосу далдаа жере кирип кетсе, кууганды токтотот. Ал эми кыргыз тайганы из кууп артынан калбай жүрөт.

--Чынында тайганга кызыккандар саналуу гана. “Кыргызстан- тайгандын мекени” экенин ырастап, таза кандуу тайгандарды чет өлкөлүктөр сатып алып кетип жатканын өкүнүүчтүү эмеспи?

- Кыргызстандагы тайгандарга чет элдиктер абдан кызыгып, баасына карабай сатып кетишүүдө. Жакшы мергенчилерде тайгандар бар. Чет өлкөлөрдөгү жарыштарда кыргыз тайганы бир нече ирет дүйнөлүк рекорд койгон. Ошондуктан тайганга кызыгуу абдан күч алды. Себеби, үч-төрт жыл мурда Англиядагы эл аралык чоң тайган жарышында кыргызстандын тайганы марага бир топ алдыга озуп келип, дүйнөлүк рекордду жаңырткан. Ал эми бизде тайганды баалап, барктайбай жүрөгөнүбүз өкүнүчтүү.

-Тайганды күчүк кезинен кандай таптап, багып чоңойтуунун сырлары болсо керек? Тайган таптоонун ыкмаларын да айта кетсеңиз?

- Тайганды күчүк кезинен урбай, жалтаң кылбай тарбиялаш керек. Тайган өзү эрке жаныбар. Өтө сылап- сыйпап эркелетсең мышыктай кылжың болуп калат. Уруп, кагып- силкип койсоң жалтаң болот. Ошондуктан балаңды кандай тарбияласаң ошондой мамиле кылып, бекем, кайраттуу кылып тарбиялоо керек. Жугунду берип баксаң, кийин жугунду алып келет, эт менен баксаң элик- теке алат. Күчүк кезинде мылтык атып улам жакындан атып, мылтык үнүнө да көндүрүү зарыл.

-Таза кандуу кыргыз тайганын сырт- келбетин, өңү- түсүн, тулку- боюу айырмаланып турабы?

-Тайгандын өңү ар кандай болот. Кыргызда кара тайгандар арбын болгон. Куу, көк, күрөң түстөгү тайгандар да кезигет. Боюу деле өтө бийик болгону деле болбойт. Таза кандуу тайгандын боюу 70-80 сантиметрге барабар. Кулактары узун, чалпайып турат. Кулактарын жүнү каптап, буттарында, каптал жагында жүнү болгон тайгандар да кездешет.

-Тайгандын, анын күчүгүнүн баасы кандай болот?

-Итти сатпайт, уурдап алыш керек деген элде бир терс түшүнүк бар. Учурдагы базар экономикасынын мезгилинде тайганды кадимкидей баалап туруп сатууга болот. Бир тайгандын күчүгү бир жылкынын кунуна барабар. Илгери бир мыкты тайган бир айыл элди баккан. Тайганы бар малчыга карышкыр, түлкү жолобойт.

Кыргыз тайганынын тукумун сактап, мергендерге таратууну көздөп, атайын питомник ачууну көздөгөн демилгени колдоого алып, колдоочуларды күтүп, тайганчылардын ассоциациясын түздүк.
XS
SM
MD
LG