Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ ПХЕНЬЯНДЫ ЖАЗАЛАГАНЫ ЖАТАТ


Кошмо Шттатары Түндүк Кореяга экономикалык катаал санкцияларды жарыялоону караган резолюциянын долбоорун сунуш кылды. Документ Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкууланат. Кеңештин мүчөлөрү Пхеньяндын аракеттерин кечээ бир добуштан айыпташты. Бирок санкцияларга байланыштуу долбоорду Кытай менен Россия канчалык өлчөмдө колдоору белгисиз.

Коопсуздук кеңешинин учурдагы төрагасы, Япониянын Улуттар Уюмундагы элчиси Кензо Осима ырастагандай, кечээ күнкү талкууларда Пхеньянга күчтүү, ыкчам жана таасын-так жооп кайтаруу зарылдыгы айтылды. Буга байланыштуу ошол эле күнү кеңеште Кошмо Штаттары өзү даярдаган резолюциянын долбоорун таркатты.

Документте каралган чараларга ылайык, Түндүк Кореяга кирген жана чыккан бардык жүктөр кылдат текшерилүүгө тийиш. Мындай кадам массалык кыргын куралдарына керектүү материалдарды сырттан алганга же аларды тышка чыгарганга бөгөт болот. Буга кошумча АКШ Улуттар Уюмунун уставындагы VII статьяны пайдаланууну сунуш кылган. Аталган жобо Коопсуздук кеңешине Пхеньянга каршы кеңири чөйрөдөгү чараларды көргөнгө, алардын ичинде дипломатиялык мамилелерди үзгөнгө, экономикалык жана аскери санкцияларды киргизгенге,атүгүл күч колдонгонго мүмкүндүк берет.

Долбоордо Пхеньянга баллистикалык ракеталар программасына байланыштуу бардык иштерди токтотуу, МАГАТЭнин көзөмөлү астында өзүнүн атомдук куралдарын жок кылуу, эч кандай шарт койбостон алты тараптуу сүйлөшүүлөргө токтоосуз кайтып келүү талабы коюлат.

Долбоорго Япония да өз сунуштарын кошумчалады. Токио, атап айтканда, Улуттар Уюмуна кирген бардык өлкөлөр деңиз портторун, аэропортторун Пхеньяндын транспорттору үчүн жабышын, Түндүк Корея экспортко чыгарган бардык продукциялардан баш тартышын каалайт.

Сунуш кылынган бу чаралардын баары Коопсуздук кеңешинде текши колдоо табабы-жокпу, белгисиз. Бүгүн Пекиндеги маалымат жыйынында тышкы иштер министринин өкүлү Корей жарым аралын атомдук куралдан арылтуунун каражаты катары күч колдонуу ыкмасына Кытай караманча каршы экенин ырастап, Пхеньяндын ядролук сынагы эки тараптын алакасына тетири таасир тийгизгенин да моюнга алды. Ошол эле учурда эл аралык коомчулуктун талаптарына Пхеньяндын оң жооп кайтара турганына Кытайдын ишеничи кайта элек.

Пхеньян болсо жаңы сынактарга кирише турганын айтууда. Түндүк Кореянын Улуттар Уюмундагы өкүлү Пак Кил Ен Коопсуздук кеңешине Пхеньянды айыптагандын ордуна үлкөн илимий-техникалык жетишкендиги менен куттуктоону сунуш кылды. “Жер алдында өтө жогорку деңгээлде ядролук сынак өткөргөн биздин адистер менен илимпоздорго мен чексиз сыймыктанам”,- деп айтты Пхеньяндын элчиси. Түндүк Кореянын өкүлү ядролук куралга ээ болгонго ири державаларга гана укук берген позицияны “бандиттердин логикасына” теңештирди.

Айтмакчы, ушуга окшош ойду Иран президенти да дамамат кайталап келатат. Бирок Тегеран кечээ Пхеньяндын сынак өткөргөнүн айыптап чыкты.
“Атомдук куралды Иран идеологиялык себептерден улам эзели колдой албайт, ал эми ядролук технологияларды жайчылык максаттарга пайдалануу жагына келгенде, бу жерде бардык улуттардын бирдей укугу болушу керек”, - деп айтты Ирандын өкүлү.

XS
SM
MD
LG