Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:42

8:00 К. Бакиев: “Кыргыз мамлекеттик телеканалын коомдук кылуу тууралуу сөз да болбосун”


БИШКЕК. Кыргыз мамлекеттик телеканалын коомдук кылуу тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес, - деп президент Курманбек Бакиев 9-октябрда кечинде өткөргөн жыйында билдиргенин “24.kg” агенттиги жазып чыкты. Президенттин айтымында, парламент тарабынан кабыл алынып, ага кол коюуга сунуш кылынган «Улуттук телерадиокорпорациясы жөнүндө» мыйзамдын долбоорунда бир нече карама-каршылыктар болгон жана ал мыйзам болуп күчүнө кирсе мамлекеттик казынадан кошумча каражат чыгымдалмак. Президент Бакиев ошол эле маалда жаңы түзүлүп жаткан ЭлТР каналын чыңдоо керек деген пикирин айткан. Оппозиция бүгүн өткөрө турган нааразылык акциясынын бир талабы дагы – мамлекеттик каналды реформалоо жана аны коомдук кылып түзүү жөнүндө болуп жатат. (AJ)

XS
SM
MD
LG