Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:14

МЕДИЦИНА ЖАҢЫЛЫКТАРЫ: ЖАСАЛМА АЗЫКТАР МЕНЕН БАГЫЛГАН БАЛДАРДЫН АКЫЛЫ КАНДАЙ ЖЕТИЛЕТ?


Эне сүтү менен багылган балдар жана жасалма азыктар менен багылган балдардын акыл-өнүгүүсүндө айырма барбы? Аялдар эркектерге караганда тезирек карыйбы?

Шотландиялык окумуштуулар АКШда жашаган 5000ден ашык баланы изилдеп көрүп, эне сүтү менен чоңойтулган балдар жасалама азыктар менен багылган балдарга караганда эс-акылдын өнүгүүсү жагынан алдыда экенин аныкташкан.

Бирок андай болгону менен балдардын энелерин иликтей келгенде, ар баланын интеллектуалдык өнүгүүсү энесиникине жараша болоору аныкталган. Бул айырмачылыкты кошуп эсептегенде, эмчек эмген бала менен жасалма азыктар менен чоңойтулган балдардын ортосундагы айырма дээрлик жок болуп чыккан. Башкача айтканда, акылдуураак аялдардын балдары да эстүүрөөк болот экен. Ошентип эмчек сүтү баланын акылдуу болушуна негиз түзөт, деген мурдагы гипотеза четке кагылды.

Бирок эмчек сүтү ар түрдүү инфекциялар менен аллергиялардын пайда болушуна бөгөт болуп, диабет, кандын рак оорусу менен адамдын семирип кетүүсүнө да тоскоолдук кыла алат. Ал эми эмчек эмизген аялдар эмчектин рак оорусуна азыраак дуушар болушат. Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюму ымыркайларды эки жашка чыкканча эмизүүну сунуш кылат.

Германиянын окумуштуулары аялдардын териси эркектердикине караганда тезиреек карыйт деген жыйынтыкка келишти. Анткени аялдар терини жумшак жана чойулчаак кыла турган коллаген аттуу химиялык затты эркектерге караганда эртереек жогото башташат экен. Ошону менен бирге эле окумуштуулар бир эле адамдын денесиндеги тери ар түрдүү боло турганын аныкташты. Тери бир жерде 35 жаштагыдай болсо, башка бир жерде 50 жаштагы адамдыкындай болушу мүмкүн.

Теринин айырмачылыгына адамдардын жынысы эле эмес, рассасы да таасир этет. Европанын аялдарына Азиянын аялдарына караганда бырыш тезиреек кирет. Мисалы француз аялдары кытай аялдарына караганда кеминде 10 жылга эртереек карый башташат. Ал эми "карылык пигменттери" деп аталган күрөң тактар кытай аялдарынын терисинде Европалык аялдардыкына караганда эртереек пайда болот.

Айрым спортсмендер рекорддук көрсөткүчтөргө стероид деген дарынын күчү менен жетишип жатканы жашыруун сыр эмес. Анткени стероид органзимде эркектердин тестостерон деген гормонун көбөйтүп, адамга күч-кубат берет. Американын Йель университетинин окумуштуулары стероид жалган рекорддорду койууга эле жардам бербестен, адамдын мээ клеткаларынын кыйрашына алып келеерин аныкташты. Иликтөөгө катышкан окумуштуулардын бири Барбара Ерихтин айтымында тестостерон гормонунун дэңгээли ар адамда ар түрдүү болот.

"Адатта эркектердин органзиминдеги тестостерондун дэңгээли жашына жараша белгилүү өлчөмдө болуп, белгилүү мерчемде өзгөрүп турат. Бирок стероид дарысын колдонгон учурдагыдай он эсеге көбөйүп кетпейт", дейт формаколог.

Тестостерондун дэңгээлин көбөйтүп, күч- кубат берген стероид адамдын мээ клеткаларын кыйратып салат, дешет окумуштуулар.

Баян Жумакадыр кызы, Прага

XS
SM
MD
LG