Өз маегинде Нино Буржанадзе азыркы түзүлгөн кырдаал Грузиянын баардык жарандарын тынчсындандырып жатканын белгилеп, Россиянын Грузияга карата жасап жаткан кадамдарын сынга алды.
"Эгерде мурда Россия грузин шарабы менен минерал сууларына жана айыл чарба продуктуларына тыйуу салып, Грузияга каршы камалоо чараларын колдонуп, кызматташуунун жолдорун бөгөп салган болсо, азыр грузиндерге каршы анык ксенофобиялык чараларды колдонууда. Менимче бул өтө тынчсыздандырарлык абал жана буга Еврошаркет менен эл аралык коомчулук жооп кайтарууга тийиш. Улуту грузин болгону үчүн адамдарды өлкөдөн чыгарып жиберүү, балдарды мектепке киргизбей койуу... Мындай окуя 21- кылымда болуп жатканына ишенүү кыйын. Эл аралык коомчулук буга кийлигишүүгө тийиш",- деди Грузин парламентинин спикери.
Өз маегинде Нино Бурджанадзе айым Грузияга эл аралык колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилеп, ошону менен бирге дүйнө коомчулугун, Еврошаркет менен Улуттар уюмун бул жаңжалга чечкиндүүрөөк кийлигишүүгө үндөдү. Грузия менен Россия эки ортодогу маселелерди кызматташуу жолу менен чечүүгө тийиш, деген жалпы формула менен чектелип калуу жарабайт. Россия Абхазия менен Түштүк Осетиядагы сепаратисттик режимдерди колдоп, Россияда жашап жаткан грузиндерди кысмакка алууда. Алардын көпчүлүгү Абхазия менен Түштүк Осетиядагы сепаратисттик жаңжалдарда качкын болгон грузиндер. Кош стандарттарды колдонуп жаткан Россия менен кызматташуунун жолдорун үйрөткүлөчү, деп кайрылды өз маегинде Бурджанадзе европа коомчулугуна.
Расмий Тбилисинин Грузияда жайгаштырылган орус бейпилдик күчтөрүн эл аралык контингент менен алмаштыруу жана Грузиянын аймагындагы орус аскердик базаларын чыгарып кетүү талаптары жөнүндө берилген суроого парламент спикери буларды айтты:
"Россия аскердик базалары менен бейпилдик аскерлерин Грузиянын аймагынан тезирээк чыгарып кеткени оң. Бул Россия менен Грузиянын ортосундагы мамилелерди жөнгө салууга гана огожо болмок. Бул жерден айта кетүүм керек, биз Грузиянын аймагында кызмат өтөп жаткан бейпилдик аскерлердин бири да россиялык болбосун деп жаткан жерибиз жок. Менимче эгерде алдыда айтылган талаптарыбызга Еврошаркет менен АКШ олуттуу мамиле кылышса, Грузияга эл аралык бейпилдик аскерлерин жиберүү реалдуу ишке аша турган нерсе",- деп айтты Бурджанадзе.
Өз маегинде парламент спикери грузин тарабы Россия менен сүйлөшүүгө даяр экенин, бирок ан үчүн эки тарап тең бир-бирине урматтоо менен мамиле кылып, эки тарап тең диалогго чын ыкластан көңүлдүү болу керек экенин баса белгиледи.
Баян Жумакадыр кызы, Прага