Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

ДАНИЯЛЫК ТАКМАЗА СҮРӨТТӨР МУСУЛМАНДАРДЫ КАЙРА ЫЗАЛАНТТЫ


Мухаммад пайгамбарды такмаза кылган сүрөттөргө байланыштуу дагы бир чатак чыкты. Бул сүрөттөр тууралуу видео тасма Даниялык сыналгыдан көрсөтүлгөндөн кийин дүйнөдөгү эң ири эл аралык мусулман уюму Батышта сабырдуулук тайыздап бараткандыгына нааразылык билдирди.

Аталган видеодо чет элдик келгиндерге кастарын тиккен Даниянын Элдик партиясынын мүчөлөрү Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөрдү тартуу мелдешине катышып жаткандыгы тартылыптыр. 57 өлкө кирген Исламдык конференция уюму "Бул видеонун теледен көрсөтүлүшү – цивилизациялашкан адамдардын көңүлүнө жана адамзатынын бештен биринин диний ишенимдерине шек келтирди" деген билдирүү таркатты.

Мухаммад пайгамбар тууралуу даниялык гезиттердин бириндеги такмаза сүрөттөрдөн улам мындан бир жылча мурда да чатак чыккан эле. Азияда, Африкада жана Жакынкы Чыгышта нааразылык акцияларында 50дөн ашык кишинин өмүрү кыйылган.

Жаңы чактактан улам Даниянын тышкы иштер министрлиги жергиликтүү калкты Батыш жээкке, Газа тилкесине, Ливан, Иран Түркия сыяктуу өлкөлөргө баруудан сак болууга чакырды.

Сөз болуп жаткан видео алгач интернетке жайгаштырылды, кийин андан үзүндүлөр даниялык эки каналдан көрсөтүлдү. Анда Элдик партиянын жаштар уюмунун мвчөлөрү август айындагы жайкы лагерде ичкилик ичип жатканы көрсөтүлгөн. Бир кыз Мухаммаддын башы орнотулуп, өркөчүнүн ордунда пивонун шишеси тартылган төөнүн сүрөтүнө түшүндүрмө берип жатты. Ал эми дагы сүрөттө чалма чалынган сакалчан киши менен бомба кошулганда ядролук жардыруу болоору тартылган экен.

Бирок видео-тасманы тарткан сүрөткер Мартин Розенберг Кнудсен максат мусулмандарды шылдыңдоо эмес, Даниянын саясий чөйрөсүндө эмне болуп жаткандыгын көрсөтүү экендигин билдирди. "Оңчулдардын мындай табитсиз жүрүм-туруму даниялыктардын, анын ичинде даниялык жаштардын мусулмандарга же исламга карата мамилесин чагылдырбайт" деп айтты ал.

Даниянын Элдик партиясы мигранттарды чектөөчү чараларды күч алдырууну жактайт жана премьер-министр Фог Расмуссендин борборчул-оңчул коалициясы менен ымалаш. Партиянын жаштар канатынын жетекчиси Кенет Кристенсен видеодо көрсөтүлгөн эки киши жашырынып жүрүүгө мажбур болушканын билдирди. "Алар бул сүрөттөгө мынчалык терс реакция болот деп күткөн эмес" деген Кристенсендин сөздөрүн Политикен гезитинин интернет сайты жазды.

Жаңыл Жусубжан,Прага
XS
SM
MD
LG