Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:51

КОНСТИТУЦИЯ ДОЛБООРЛОРДУН ТӨӨБАСТЫСЫНДА КАЛДЫ


Өкмөт башчы Ф.Кулов парламентке Конституцияга өзгөртүү, кошумчалар киргизүү долбоорун сунуштады. Анда парламент партиялык тизме боюнча шайланып, андагы көпчүлүк орунду ээлеген партия өкүлдөрү өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгүнө жетишет.

Кыргызстан өңгөдөн кемчил болсо да Конституция долбоорлорун даярдоо жагынан өксүктү сезе элек. 2003-жылкы конституциялык реформанын натыйжасынан жалкып калган реформачылар өткөн жылкы ыңкылаптан кийин эле Башмыйзамды жаңылоо аракетине киришкен. Жүрө-жүрө үч жүзгө жакын кишинин башын кошкон ошол Конституциялык кеңешменин мүчөсү Токторбек Ашыркул уулунун пикири боюнча, Ф.Куловдун долбоору деле белгилүү укукчунун көз карашын чагылдырган документ.

- Ар бир юристтин өзүнчө көз карашы болот. Бул жерде кабыл ала турган, берилген сунуштары бар экен. Бирок да сунуш кылган долбоорлордун баары чийки. Мен дагы биздин өлкөдө ошондой парламенттик бийликтин болушун каалайм. Себеби, бизде президенттик бийлик өзүн актай алган жок. 15 жылда ал өзүн көрсөттү.

Токторбек Ашыркул уулу «аткаруу бийлигинин бардык түзүмдөрүн Жогорку Кеңеш өзү гана дайындаш керек», деп эсептейт. Ушундай эле ойду Феликс Кулов да карманат. Бийликтин бөлүштүрүлүшү өкмөттү кимдер түзүп, кимдердин алдында ал жооптуу болушуна жараша чечилчү маселе, дейт Ф.Кулов. Башкаруу формасы тууралуу узун сабак талашты токтотуп, негизги маселени чечип алуу абзел.

- Өкмөттү ким курайт? Президентпи, парламентпи? Парламент кантип шайланат? Партиялык тизме боюнчабы? Шайлоодо жеңип чыккан партиялык көпчүлүк өкмөт түзө алабы же болбосо аны президент дайындайбы? Ушулар тууралуу айтыш керек. Буларды аныктагандан кийин бийлик түзүмү башталат. Мисалы, мен өкмөттү ким түзөт, аны кантип кетире алат – мына ушуларды чечип алганыбыздан кийин негизги функцияларды тактап алабыз. Алар демократияны аныктайт.

Өкмөт башчы өкүмзор жеке бийликти орнотпоонун, тоталитардык системанын кайрылып келбешин камсыз кылуу үчүн аткаруу бийлигинин кимдин алдында, кимге жоопкер экенин аңдап алууcy маанилүү деп эсептейт.

Бирок да өкмөттүн парламент тарабынан түзүлүп, кызматтан кетирилиши Кыргызстан шартында нака башаламандыкты артынан ээрчите келиши ыктымал деп чочулайт Бишкек гуманитардык университеттин ректор орунбасары Анарбай Сыдыков.

- Парламенттикке өттүк дегиче башаламандыкка кабылдык дей бериш керек. Украинаныкынан жаман болот биздики. Өкмөт мүчөлөрүн дайындап, азыркы учурдагыдай кылып парламенттен өткөрө берген эле жакшы.

Анарбай Сыдыковдун пикири боюнча, аткаруу бийлигинин башында президенттин өзү же премьер-министрдин турушу туура болот. Ошондо гана президент акимчилиги менен өкмөт аппараты бири-бирин кайталабайт, аткаруу бийлиги бир колго тиет. Бирок да азырынча алдагыдай батыл кадамга, өкмөттүн парламент тарабынан дайындалып, башкаруу системасынын толугу менен жаңыланышына коом даярбы?

Улуттук илимдер академиясынын Философия жана укук институтунун директору Осмон Тогузаковдун ырасташынча, өкмөт башчынын сунушу бир партиянын кызыкчылыгына жол ачкан демилге болчудай.

- Бул эми Батыш үлгүсүн туураганы жатышпайбы. Кайсы партия парламенттен көбүрөөк орун алса, ошолор өкмөттү шайлайт. Анан өкмөткө толук укук берет деп атышпайбы. Андайда бир партиянын гана кызыкчылыгына жол чабылып жатпайбы. Биздин деңгээл ошого жетеби?

Президент Курманбек Бакиев Конституцияга өзгөртүү, алымча-кошумчалар киргизүү боюнча жаңы долбоор жаздыртып жатканын билдирген. Ага чейин жумушчу топ даярдаган үч долбоорду парламенттик угууда талкуулап тургула кыязында коомчулукка кайрылган. Феликс Кулов жаңы долбоорду парламенттин талкуусуна жөнөттү. Конституциялык реформа долбоорлор атаандаштыгына капталчудай болуп калды окшойт. Жалаң долбоорлордун саны эле жыйырмага чукул. Бири президенттики, экинчиси премьердики, үчүнчүсү оппозицияныкы, төртүнчүсү партия баштыгыныкы, кийинкиси депутаттыкы, иши кылып узун «өчүрөт».

XS
SM
MD
LG