Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ : «МИТИНГДИН МАКСАТЫ БИЙЛИКТИ АЛУУ ЭМЕС»


«Реформа үчүн» кыймылы 2-ноябрга даярдап жаткан митингдин максаты бийликти алуу эмес. Митингдин негизги талаптары Конституциялык реформаны тез арада жүргүзүү, өлкөдө демократиялык реформаларды ишке ашыруу болуп саналат, деп айтты «Реформа үчүн» кыймылынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев «Азаттыкка» куруп берген маегинде.

- Өмүрбек мырза, Кыргызстанда саясий кырдаал акыркы күндөрү олку-солку болууда. Алсак, президент Бакиевдин командасында пикир келишпестиктер болуп жаткандыгы тууралуу сөздөр айтылууда. Элдин бийликке нааразылыгы мурдагыдан да күчөгөнсүп турат. Сиз эмне дейт элеңиз?

-Биринчиден бүгүнкү күнгө чейин өкмөт да, президент да өздөрүнүн программасын расмий түрдө сунуш кыла алышкан жок. Мыйзамдуулук тебеленип, өкүмзордук саясаты көз жумуу менен колдонулуп келе жатат. Мисалы, президент Бакиевдин кичи мекени болгон Сузак районунда эле акыркы бир жылда мыйзамды тоотпогондук, бийликти, тартип коргоо органдарын тоотпогондук орун алып, алардын ролу жокко чыккандыгын көргөзгөн массалык акциялар, менчиктерди, жерлерди басып алуу сыяктуу аракеттер тынымсыз, үстөккө-босток болуп келе жатат.

Мына кечээ прокуратура менен облустук администрацияны блокадага алуу болду. Бул деген Бакиевдин саясаты өзүнүн жердештери менен туугандарынын да колдоосуна ээ болгон жок деген сөздү далилдеп отурат.Бул—Бакиевдин саясаты жок деген сөздүн далили. Бакиевдин саясаты бүгүн эмне болуп жатат? Сот чечим чыгарса аны борбордук шайлоо комиссиясы укпайт, укпайм деп ачык жарыялады. Сот чечим чыгарса, мыйзамдуулукту сактоочу органдын жетекчиси — башкы прокурор соттун чечимин аткарбай, президенттин сөзүн күтүп отурат. Соттун чечимин укпагандыктан Улуттук университеттин ректорун шайлоо бир жылдан ашуун убакытка созулуп кетти. Эмдигиче жыйынтык жок. Буга окшогон фактылар жер-жерлерде дагы толуп атат.

Биз ошентип, соттун, мыйзамдуулуктун деңгээлин таптакыр төмөн түшүрүп, мен жогоруда айткандай күчтүүнүн, зомбулуктун саясатын жүргүзүп, элге тараттык. Муну менен мамлекеттин коопсуздугуна түздөн-түз таасир эткен кырдаал түзүлдү.

Ошондуктан, биз бир жарым жылдан бери президентке Конституциялык реформаларды жүргүзүп, өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуусун айтып, үстөккө-босток кайталап келе жатабыз. Бирок тилекке каршы президент ал кеңештерди угуп, аны турмушка ашыруунун ордуна өзүм билемдик саясатын жүргүзүүдө. Ал эми президенттин айланасында болгон тез-тез өзгөрүүлөр идея менен бирикпеген адамдар арасында боло турган нерсе. Бул идеянын, бирдиктүү саясаттын жоктугун көрсөттү. Бир жылдан бери күч органдарынын жетекчилери бир нече жолу алмашты. Демек, туура эмес тандалган же болбосо жеке кызыкчылык максаттарды чечүү үчүн атайын коюлган кадрлар. Ал максат аткарылгандан кийин экинчи бирөөнү кызматка коюп, кийинки коньюктуралык жеке кызыкчылыктарды чечүүгө багытталган болушу мүмкүн.

- Президент тарабынан өткөн жумада күч органдарынын жетекчилеринин алмаштырылуусун сиздердин 17-сентябрда Аксыда өткөргөн курултайда коюлган талаптарга жооп деп айтууга болобу? Кандай дейсиз?

-Жок, мунун курултайдын талаптары менен байланышы жок. Тескерисинче президент күзүндө боло турган саясий акцияларга алдын ала реакция жасап, өзүнө ишенимдүү, өзүнүн же үкелеринин жакын досторун кызматка коюп, ал дегенди алып, чап дегенди чаба турган адамдарды тандоо селекциясы жүрүп жатат деп ойлойм.

-Кандайдыр бир пикир келишпестиктер сиздердин «Реформа үчүн» кыймылынын ичинде да болуп жаткансыйт. «Арнамыс» партиясынын Азимбек Бекназаровго болгон таарынычы, алардын кыймылдан чыгуу тууралуу ою.. Эгер минтип отурса, митинг үзгүлтүккө учурап калбайбы..?

-Биздин арабызда ардайым талаш-тартыштар болгон. Анткени өз көз карашын бербеген, аны ачык айткан патриот адамдар жыйналып олтурат. «Арнамыс» партиясынын мурунку лидери Феликс Кулов конституциялык реформа тууралуу көз карашын маалымат каражаттары аркылуу айтып чыкты. Бул деген мамилелерге карабастан биздин максатыбыз бир экендигин көрсөтүп турат. Максат—тез аранын ичинде реформа өткөрүп, мамлекеттик бийликтин, мыйзамдуулуктун аброюн калыбына келтирүү. Бул багытта биздин иш-чарабыз ийгиликтүү болот деп ойлойм.

- Азыркы олку-солку болуп жаткан акыбал митингдин кандайдыр бир жеңишке жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берет деп айта аласызбы?

-Эми бул митинг уюштуруучулардан, оппозициядан гана көз каранды болбойт. Ал бийликте отурган адамдардын дагы компромисске канчалык жөндөмдүү экенин, өзүм билемдик позиция менен отура бербей, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп, карапайым калктын пикирин эске алуу жөндөмдүүлүгүнөн да көбүрөөк көз каранды.

-Буга чейин митингдин негизги талабы—президент менен премьер-министрдин отставкасы болот деп айтылып келди эле. Дагы кошумча талаптар кошулдубу?

-Митингдин эң ңегизги талабы—президент Бакиев убада берген Конституциялык реформаларды тез аранын ичинде жүргүзүү. Ал реформанын багытын Жогорку Кеңеш көрсөткөн, бул Конституциялык кеңешменин биринчи курамы иштеп чыккан долбоор. Ал—парламенттик-президенттик башкаруу системасы. Биз эң биринчи системаны алмаштыруу зарыл деп эсептейбиз. Экинчи ушул шарттар аткарылбаса, эл алдында антташып, кол алышып берген убадаларын аткарбаса, тандемдин бийликтен кетүүсүн талап кылабыз.

Кагаз жүзүндө да, оозеки түрдө да антташып-шерттешип берген убадасынан танган жетекчилер элди башкара албайт. Алар мамлекет тургай, жөнөкөй, кичинекей коллективде лидер боло албайт. Бийликтин аброюн калыбына келтирүү дегенибиз—ошол убадалардын аткарылышы. Эгер аткарбаса, анда бул тандем отставкага кетиши керек.

- 2-ноябрда боло турган митинге көп киши катышаары тууралуу «Реформа үчүн» кыймылынын айрым мүчөлөрү азыртан айтып жатышат. Сиз кандай дейсиз?

-Менин оюмча, бүгүн эл жыйноо маселе эмес. Анткени бүгүнкү бийликке нааразы болгон, андан жабыр тартып, курмандыгы болуп жаткан адамдардын саны күндөн-күнгө көбөйүп баратат. Бирок кеп элдин санында эмес, коюлган талаптарда жана ошол талаптарга жетүү үчүн митинге келгендердин канчалык деңгээлде чечкиндүү боло алгандыгында. Экинчи жагынан ошол талаптарды, жыйналган он-он беш миң адамдын талабын башка, митинге келбеген адамдар кандай деңгээлде колдойт, кеп мына ошондо. Эгер чоң колдоо болсо, анда митинге келген адамдардын санына, алар канча күн митингде турганына эмес, талаптын обьективдүүлүгүнө жана анын элдин көңүлүнө туура келгендигине көп нерсе көз каранды.

- Митингде бийликти алууга же аны алып түшүүгө аракеттер жасалышы мүмкүнбү?

-Ал бүгүнкү бийликтин реакциясына көз каранды. Эгер алар өздөрү чагымдарды уюштуруп, көзөмөлдөн чыгып кеткен аракеттерди баштап жиберсе, эмне болуп кетет, буга биз кепил боло албайбыз. А биздин планда андай аракет жок. Биз өзүбүздүн Конституциялык укугубуздан пайдаланып, реформаларды талап кылабыз. Аны аткарбаса, «өз ыктыярыңар менен орунду бошоткула» деген талапты коебуз. Бийликти мыйзамсыз жол менен, күч колдонуп, зордук менен кетирүү биздин максатыбызга кирбейт.

Замира Кожобаева маектешти

XS
SM
MD
LG