Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:28

УКРАИНА ЭМДИГИ ЖЫЛЫ ОРУСИЯДАН ЭЧ ТАБИГЫЙ ГАЗ АЛБАЙ ТУРГАНЫН БИЛДИРҮҮДӨ


Нарын АЙЫП, Прага Үстүбүздөгү жыл жаңы башталганда, Украинага жиберилген табигый газдын агылышын Орусия токтоткондуктан, Европанын бир нече мамлекетине газ жетпей калган жана андан бир топ орчундуу кризис чыккан. Кийин эки өлкө ортосунда бир жылга жаңы контракт түзүлгөн, ошондуктан азыр аны улантуу керек.

Контракттын аяктап баратканын утурлап, эки мамлекет азыртан сүйлөшүү жүргүзө баштады жана ал тууралуу сентябрдын аягында орус өкмөтүнүн башчысы Михаил Фрадков дагы айткан: "Биз бир мунасага келүүгө аракет көрүп жатабыз, жаңы келишим Украинанын өзүнүн керектөөчүлөрүнүн талаптарына да төп келип, январда кол коюлган келишимдерге да туура келип, эркин экономика шарттарына да ылайык болуш керек", - деген Фрадков 22-сентябрда.

Анткен менен Украинанын кубат министри Юрий Бойко 6-октябрда атайын билдирүү жасап, эмдиги жылы Украина Орусиядан бир да куб метр газ албайт деп жарыялады.

Орусия өзү табигый газды Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан арзан баага сатып алып, аны кийин Украина жана айрым башка европалык мамлекеттерге кымбатыраак сатат. Киев болсо үстүбүздөгү жылы Борбор Азиялык жумурияттар менен өз алдынча келишим түзүп алды.

Мисал үчүн, үстүбүздөгү жылы Украина бардыгы болуп 73 миллиард куб метр газ керектейт, 2007-жыл үчүн болсо Киев Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 62 миллиард куб алууга макулдашты. Быйылкыдай абал уланса, жетишпеген 11 миллиард кубду Украина Орусиядан алыш керек болчу, бирок өлкө жетекчилиги газ керектөөнү үнөмдөөнү чечти жана Орусиядан эч кандай газ албастан кыштан чыгып, кийин дагы эмдиги жылы Маскөөнүн көзүн карабайбыз деп пландап жатат.

Өкмөттүн эсебине караганда, советтик мезгилдеги арзанчылыкка көнүп калып, Украинанын эли да, ишканалары дагы газды өтө көп керектейт жана ал айрым учурларда бекер эле корой берет. Статистикага караганда, газ керектөө боюнча Украина дүйнөдө алтынчы орунда турат жана чындап эле аны экономиялуу пайдаланганы жакшы.

Бирок Борбор Азиялык газ дагы, Орусиянын газы дагы Европага бир эле куур аркылуу өтөт да, ошондуктан анын кайсы бөлүгү түркмөн газы, кайсынысы орусияныкы экенин ажыратып таануу мүмкүн эмес. Былтыр дагы Киевдин Ашгабад менен келишими бар болчу, бирок Маскөө - Түркмөнстандан эч кандай газ келген жок, биз болсо Украинага бир да куб метр газ бербейбиз деп жарыялаган. Ал эми Украина - жалпы куурдан биз түркмөн газын гана керектеп жатабыз деп газ ала берген, натыйжада айрым европалык өлкөлөргө газ жетпей калган.

Былтыр Маскөө газдын баасын 50 доллардан 230 долларга чейин чыгарып, аны 460 пайызга көтөрүп жибергенден араздашуу башталган. Кийин эки мамлекет 95 долларга келип токтогон, эмдиги жылы болсо Украина ар бир миң куб метрди 130-135 доллардан алмай болуп жатат.

XS
SM
MD
LG