Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

АЖЫЛЫККА БАРЫШ ҮЧҮН МУФТИЯТКА ДА ТӨЛӨШ КЕРЕК


Ажыга жөнөп жаткандардын ар биринен муфтиятка берилчү 20 доллар өлчөмүндөгү жардамды муфтият каржылык кыйынчылыктан улам жакында кайрадан калыбына келтирди.

Кыргызстан мусулмандар муфтиятына ажыга жөнөп жаткандардын эсебинен түшчү каражат өткөн жылкы ажылык сапарды уюштуруудагы башаламандыктардан улам алынып салынган экен. Бирок, каржынын жетишсиздигинен муфтият ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө мүмкүн болбой калганда гана аны кайра калыбына келтирүүгө туура келиптир. Калыбына келтирүү үчүн атайын жыйын чакырылып, ага муфтияттын, казияттардын бүт жетекчилери, уламалар кеңешинин айрым мүчөлөрү катышып, маселе колго салуу жолу менен чечилген. Ошентип 20 доллар өлчөмүндөгү муфтиятка берилчү каражат ажыга барчулардын калькуляциясына кайрадан расмий түрдө киргизилди.

Баш кеңсесинде 21 адам иштеген Кыргызстан мусулмандар муфтияты кайсы каржылардын эсебинен ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткандыгын муфтияттын башкы эсепчиси Марат-ажы Усупов сөз кылды:

- Мусулмандар арасындагы азаматтардын өз эрки менен берген жардамдарынын жана ажыга жөнөп жаткандардын эсебинен калкуляцияга ылайык муфтиятка которулган каражаттарынын эсебинен иштейбиз. Мусулмандар өз эрки менен берген жардамдарды зекет деп коёт, ошо зекетти кыргызстандык атуулдар апкелип тапшырган учурлар жокко эсе. Негизинен сырттан келген меймандар беришет.

Жетишпестиктен муфтият жетекчилери өздөрү бирөөлөргө кайрылып каражат сураган учурлар болбой койбойт. Мисалы, рамазан айы ичи иптарлык убагында теледен азан айтууну көрсөтүп туруш үчүн демөөрчү издешип, араб коомдук бирикмелеринен акча котортушкан.

Муфтият орозо мезгилинде түшкөн фитир-садагага да ээлик кылары ырас. Марат-ажы Усуповдун айтуусунда, фитир-садага негизинен мечит-медреселерге бөлүнөт. Анча-мынча муфтиятта калганы жарды-жалчы, жетим-мискин, мусапырларга берилип турулат.

Эгемендүүлүк доорунда барган сайын дин ишмерлери мамлекеттик каржылык колдоолорго үмүт артып баратышкандыгын танууга болбойт. Кыргызстан мусулмандар муфтиятынын башкы эсепчиси да андай ойдон четте эмес. Көп мамлекеттерде, араб өлкөлөрүн айтпаганда да, Түркияда мечит-медреселер бүт мамлекеттик колдоого алынган. Орусия федерациясынын курамындагы эле Татарстан сыяктуу республикаларда мечит имамдарына Өкмөт тарабынан айлык берилет. Кыргызстанда да ошондой маселелер чечилсе деген оюн кыйытты ал.

Ал эми Кызылкыя шаарынын баш имам-хатиби Мукадас-ажы Кожониязов Кыргыз Республикасынын баш мыйзамына өзгөртүү киргизип, Кыргызстанда Дин иштери боюнча министрлик уюштурууга мезгил жетти деп эсептейт. Ошондо баары-жогуна мамлекет өзү көзөмөлдүк кылып, диндик араздашуулар да чыкпай, мечит-медреселерде иштегендердин башкалардай эмгек акы, кызматтык автомашина, ижара алууларына мүмкүнчүлүк ачылат эле деген ойдо.

Азыркы Кыргызстандын шартында дин уюмдарын мамлекеттик каржылоо түшкө кирбеген иш дейт “Кыргыз туусу” гезитинин жооптуу кызматкери Орункул Сатыкулов: "Ансыз деле азыр Кыргызстанда кары-картаңдарды, социалдык жактан аз камсыз болгондорду жакшылап тойгуза албай жатабыз. Анан диний уюмдарды каржылаш кайда. Биринчиден, Конституцияда дин мамлекеттен ажыратылгандыгы көрсөтүлгөн. Экинчиден, эгемендүүлүк учурунда мечит-медреселер өтө эле көбөйүп кетти. Анын баарын, анан башка диндерди каржылаш үчүн эмне деген акча керек?! Кыргызстанда диний уюмдардан эле 54ү болуп атса".


Кожогелди Култегин, Бишкек
XS
SM
MD
LG